Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын президенти, академик Мурат Джуматаев Монголия илимдер академиясынын президенти Рэдгел Дугэр менен жолукту

2019-жылдын13-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев Монголия илимдер академиясынын президенти Рэдгэл Дугэр менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында эки тараптуу илимий кызматташуу, тажрыйба алмашуу, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо жана илимий мекемелер аралык кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Андан сырткары, Монголия илимдер академиясы менен КР УИАнын Б.Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун ортосунда тарых жана археология илимине тийиштүү илимий долбоорлор менен иштешүү тууралуу пландар талкууланды.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 12-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулганын расмий визитинин алкагында КР УИАнын президенти, академик Мурат Джуматаев менен Монголия илимдер академиясынын президенти Рэдгэл Дугэр “өз ара түшүнүшүү жөнүндө” Меморандумга кол коюшкан. Меморандумга кол коюп жатып, эки өлкө ортосундагы илимий байланыш мындан ары да күчөтүлөөрү айтылган.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, КР УИА тарабынан жаш тарыхчы Исраилов Максат Монголияга 8 айга аспирантура бөлүмүнө окууга жиберилди.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер