1954-жылы Кыргыз ССРнин илимдер Академиясынын системасында философия сектору түзүлгөн. Бул сектор 1959-жылы философия жана укук бөлүмү болуп өзгөрөт. 1964-жылы аталган бөлүмдөн философия жана укук Институту түзүлөт.
1954-1963-жж. | Алтмышбаев А.А. |
1963-1975-жж. | Салиев А.А. |
1975-1987-жж. | Алтмышбаев А.А. |
1987-1988-жж. | Каракеев Т. |
1989-1992-жж. | Какеев А.Ч. |
1992-2018-жж. | Тогусаков О.А. |
с 2018 ж. | Саралаев Н. |
Институттун кызматкерлери эки багытта долбоордук илимий-изилдөөчүлүк иш жүргүзүүдө: «Кыргыздардын коомдук-саясий жана философиялык ойломунун тарыхы: байыркы замандан азыркы мезгилге чейин» (философия боюнча); «Эгемендүү Кыргызстандын конституциялык-укуктук реформаларынын калыптануусу жана өнүгүүсү» (укук боюнча). Бул эки долбоор тең «Кыргыздардын коомдук-саясий жана философиялык ойломунун тарыхы: байыркы замандан биздин күнгө чейин», – деген 5 томдук фундаменталдуу эмгекке байланган. Долбоорлор бюджеттик каржылоодо.
Долбоорлордун жетекчиси – Институттун директору профессор, УИАнын корр.-мүчөсүО. А. Тогусаков.
Институттун кызматкерлеринин жалпы саны 55 адамды түзөт (алардын ичинен штат боюнча – 50 адам, жарым (0,5) ставкадагы адамдардын саны 5). Институттун структурасы төмөнкүдөй: бөлүмдөр – 6, кафедра – 1; бөлүм башчылары – 6; кафедра башчысы – 1. КР УИАнын корреспондент-мүчөлөрү – 5; илимдин докторлору – 12; илимдин кандидаттары – 24; башкы илимий кызматкерлер – 2; жетектөөчү илимий кызматкерлер – 6; ага илимий кызматкерлер – 13; илимий кызматкерлер – 8; кенже илимий кызматкерлер – 5; АБП (АУП) – 3; ага лаборант –
Институттун түзүлүшү:
- Директор
- Окумуштуу катчы – директордун илим боюнча орун басары
- Онтология жага тааным теориясы бөлүмү
- Социалдык философия, эстетика жана этика бөлүмү
- Философиянын тарыхы бөлүмү
- Саясат таануу жана мамлекетти башкаруу маселелеринин бөлүмү
- Рухий маданият бөлүмү
- Укук бөлүмү: Жеке укук жана Жалпы укук сектору
- Илимдин тарыхы жана философиясы кафедрасы
- Аспирантура:
- Окумуштуу Кеңеш
Байланыш маалыматтары:
720071 Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., пр. Чуй 265а
т. +996 312 646355, +996 312 642622
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 4461