Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
А. А. Алтмышбаев атындагы философия, укук жана социалдык-саясий изилдөө институту

1954-жылы Кыргыз ССРнин илимдер Академиясынын системасында философия сектору түзүлгөн. Бул сектор 1959-жылы философия жана укук бөлүмү болуп өзгөрөт. 1964-жылы аталган бөлүмдөн философия жана укук Институту түзүлөт.

Философия жана укук институтунун жетекчилери:
1954-1963-жж. Алтмышбаев А.А.
1963-1975-жж. Салиев А.А.
1975-1987-жж. Алтмышбаев А.А.
1987-1988-жж. Каракеев Т.
1989-1992-жж. Какеев А.Ч.
1992-2018-жж. Тогусаков О.А.
с 2018 ж. Саралаев Н.

Институттун кызматкерлери эки багытта долбоордук илимий-изилдөөчүлүк иш жүргүзүүдө: «Кыргыздардын коомдук-саясий жана философиялык ойломунун тарыхы: байыркы замандан азыркы мезгилге чейин» (философия боюнча); «Эгемендүү Кыргызстандын конституциялык-укуктук реформаларынын калыптануусу жана өнүгүүсү» (укук боюнча). Бул эки долбоор тең «Кыргыздардын коомдук-саясий жана философиялык ойломунун тарыхы: байыркы замандан биздин күнгө чейин», – деген 5 томдук фундаменталдуу эмгекке байланган. Долбоорлор бюджеттик каржылоодо.

Долбоорлордун жетекчиси – Институттун директору профессор, УИАнын корр.-мүчөсүО. А. Тогусаков.

Институттун кызматкерлеринин жалпы саны 55 адамды түзөт (алардын ичинен штат боюнча – 50 адам, жарым (0,5) ставкадагы адамдардын саны 5). Институттун структурасы төмөнкүдөй: бөлүмдөр – 6, кафедра – 1; бөлүм башчылары – 6; кафедра башчысы – 1. КР УИАнын корреспондент-мүчөлөрү – 5; илимдин докторлору – 12; илимдин кандидаттары – 24; башкы илимий кызматкерлер – 2; жетектөөчү илимий кызматкерлер – 6; ага илимий кызматкерлер – 13; илимий кызматкерлер – 8; кенже илимий кызматкерлер – 5; АБП (АУП) – 3; ага лаборант –

Институттун түзүлүшү:

  • Директор
  • Окумуштуу катчы – директордун илим боюнча орун басары
  • Онтология жага тааным теориясы бөлүмү
  • Социалдык философия, эстетика жана этика бөлүмү
  • Философиянын тарыхы бөлүмү
  • Саясат таануу жана мамлекетти башкаруу маселелеринин бөлүмү
  • Рухий маданият бөлүмү
  • Укук бөлүмү: Жеке укук жана Жалпы укук сектору
  • Илимдин тарыхы жана философиясы кафедрасы
  • Аспирантура:
  • Окумуштуу Кеңеш

Байланыш маалыматтары:
720071 Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., пр. Чуй 265а
т. +996 312 646355, +996 312 642622


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер