Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Эл аралык илимий-практикалык семинар өттү

2017-жылдын 13-декабрындагы КР Президенти С.Ш. Жээнбековдун Өзбекстан Республикасына болгон иш сапарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен  Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясынын ортосундагы илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу келишимдин негизинде 2019-жылдын 5-9-сентябрында “Илим” пансионатында КР УИАсы Эл аралык илимий-практикалык семинар өткөрдү. Бул иш-чараны өткөрүү ӨР ИАнын президенти, академик Б.С. Юлдашев тарабынан сунушталган.

КР УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев, ӨР ИАнын вице-президенти Бахтиер Туляганович Ибрагимов, ӨР ИАнын вице-президенти Сирожиддин Зайниевич Мирзаев иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөштү.

КР УИАнын президенти, академик М.С.Джуматаев өз сөзүндө эки өлкөнүн илимдер академияларынын ортосунда түзүлгөн кызматташуу боюнча жол картасы илимий-техникалык кызматташууга, биргелешкен илимий-изилдөө боюнча долбоорлорду иштетүүгө кеңири жол ачаарын билдирди.

Өзбекстан Республикасынын  Илимдер академиясынын вице-президенти, академик Б.Т. Ибрагимов эки өлкөнүн илимдер академияларынын кызматташтыгын бекемдөөгө жана өстүрүүгө бар күчүбүздү жумшашыбыз керек деп  белгилеп өттү.

Ошондой эле, семинардын жүрүшүндө ФТМжТКГИ бөлүмүнүн төрагасы, академик А. А. Кутанов, академик М.Т. Мамасаидов, КР УИАнын Химия жана фитотехнологиялар институтунун  директору К.Т. Шалпыков, КР УИАнын Геология институтунун директору К.С. Сакиев, КР УИАнын Тарых, археология жана этнология институтунун  директору, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү А.А. Асанканов, КР УИАнын Тоо-кен жана медицина институтунун директору Г.С. Джунусова, КР УИАнын Физика институтунун директору Н.Ж. Жээнбаев, Өзбекстан Республикасынын ИАнын Математика институтунун директору, академик Ш.А. Аюпов, ӨР ИАнын Лазердик технологиялар институтунун директору Х.Б. Ашуров,  ӨР ИАнын Навои бөлүмүнүн  төрагасы А.У. Мирзаев, ӨР ИАнын Искусство таануу институтунун директору Ш.Р. Пидаев, ӨР ИАнын Химия институтунун директору Ш.Ш. Сагдуллаев баяндамаларын окушту.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер