Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Академик Акматалиевдин алтынчы китеби Турцияда жарык көрдү

Кыргыз  адабияты жана адабияттаануусу Эгемендүү мезгилден тартып чет мамлекеттердерде кеңири жайылтыла башташы кубандырат. “Манас” эпосу баштаган  оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрү, Ч.Айтматовдун, Т.Касымбековдун, Б.Жакиевдин, О.Султановдун, К.Жусуповдун ж.б. чыгармалары түрк тилине которулуп, окурмандардын кызыгуусуна айланып келе жатат.

Ошону менен бирге адабият таануу  илиминде академик  Абдылдажан Акматалиевдин “Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү” (1999-жыл), “Кыргыз фольклору жана тарыхый инсандар” (2001-жыл), “Аалам, Адам жана Жаабарс” (2008-жыл), “Чагылган үндүү Манасчы Айтматов” (2008-жыл), “Аалам кезип Айтматовдон салам айт” (2019-жыл), “Айтматов жөнүндө этюд” (2019-жыл) китептери түрк тилинде басылып чыкты.

Академик Абдылдажан Акматалиевди түрк окумуштуулары жана окурмандары жакшы билишет. Ал “Манас” эпосу жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча Турцияда ондогон эл аралык конференцияларды уюштурууга катышып, ага улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өзү да күбө болгон учурлары болгон.  Окумуштуунун 20дан ашуун макалалары “Билге”, “Билиг”, “Түрк адабияты жана тили” деген журналдарга түрк тилинде басылып чыккан. Бул журналдардын редколлегия мүчөсү. “Түрк дүйнөсү” деген 33 томдук китептин кыргыз адабияты боюнча координатору болуп, кыргыз акын-жазуучулардын 300дөн ашуунун өмүрү жана  чыгармачылыгы менен тааныштырган. Түрк кадрларын тарбиялоодо да эмгек сиңирип 4 кандидаттык диссертациясына  жетекчилик кылган.

Академик Абдылдажан Акматалиевдин эмгеги бааланып, “Түрк Дил” курумунун академиги болуп шайланган.

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер