Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Баткенде илимий кадрларды өстүрүүгө шарт түзүлдү

2019-жылдын 26-сентябрында  Баткен Мамлекеттик Университетинде КР өкмөтүнүн Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн алдындагы Илимий-техникалык кеңештин экинчи кеңешме жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага КР УИАнын президенти, академик Джуматаев Мурат Садырбекович, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мадумаров Акрам Камбаралиевич, Баткен обласынын администрациясынын өкүлдөрү, КР УИАнын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик М.С. Джуматаев менен КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К.  Мадумаров  КР УИАсы менен Баткен областынын администрациясынын ортосундагы кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту.

КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев өз сөзүндө: “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиуму бул кеӊештин түзүлүшүн канааттандырарлык менен белгилейт.  Чындыгында бүт Кыргызстан боюнча биринчилерден экендигин белгилеп айткым келет. Сиздер менен биргеликте илим жана илимий изилдөөлөр боюнча ийгиликтүү иштээрибизге ишенем” – деп белгилей кетти.

Ал эми КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К.  Мадумаров  УИАнын президенти М.С. Джуматаевге  кеңешти уюштурууга жана өткөрүүгө жардам бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошол эле учурда Баткен областында илим менен билимди өнүктүрүү маанилүү экендигин белгилеп, мындан аркы эки тараптуу мамиле жемиштүү жыйынтыктарды берээрине ишенээрин билдирди.

Ошондой эле макулдашууларга ылайык, Баткенде  КРнын Улуттук Илимдер Академиясынын  түштүк региондук бөлүмүнө караштуу, медициналык-социалдык,  илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүчү проблемалык лабороториясын  ачуу пландаштырылды.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер