Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАда «Илимий иш жана ММК» деген темада мастер-класс өттү

2019-жылдын 12-ноябрынан 14-ноябрына чейин КР УИАда Эл аралык мамилелер жана коомчулук менен байланыш бөлүмү, Коомдук телерадио корпорациясы (КТРК) менен биргеликте, Конрад Аденауэра атындагы Фонддун колдоосу менен уюштурулган «Илимий иш жана ММК» деген темада биринчи жолу мастер-класс өттү.

Иш-чаранын ачылышына КР УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев,   Конрад Аденауэра атындагы Фонддун аймактык башчысы Ронни Хайне жана Республикалык окуу борборунун директору Аделя Лаишева катышты.

КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев фондко жана КТРКга ыраазычылыгын билдирип, бул иш-чаранын манилүүлүгүн жана керектигин, учурда маалыматты профессионалдуу жеткире билүүдөөгү муктаждыктар  тууралуу   айта кетти. Ошону менен эле ММК азыркы учурда прогресстин кыймылдаткыч күчтөрдүн бири экендигине байланыштуу, мындай иш-чаралар келечекте дагы өтүп тураарын кошумчалады.

Мастер-класска КР УИАнын илимий-изилдөө институттарынын кыматкерлери жана мамлекетик жана менчик телерадиоберүү компанияларынын журналисттери катышты.

Иш-чаранын коучери Германиядан чакырылган конок, Германиядагы менчик телеканалдар ассоциясынын төрагасы, “Firmenvideos Jnline” фирмасынын уюштуруучусу жана жетекчиси Рене Фалькнер болду.

Мастер-класстын жүрүшүндө Рене Фалькнер мамлекеттик жана илимий-изилдөө мекемелеринин байланыштарынын манилүүлүгү, ММК жана социалдык тармактар үчүн кантип контент түзүү керектигин, тематикалык пландарды кантип иштеп чыгуу тууралуу, журналистиканын жаңы форматтарын, жаңы тренддер жана өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.

Мастер-класс учурунда катышуучулар коучердин баяндамаларын угуп кана калбастан, өздөрү иш-чаранын аягында  интервью-тренингдерди, видео тренингдерди жасап презентациялашты.

Жаш окумуштуулар менен журналисттер КР УИАнын жетекчилигине жана уюштуруучуларга мастер-класска катышууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылыктарын билдиришип, жыйынтыгында көптөгөн маанилүү маалыматтарды алып, заманбап маалымат технология системасы менен тереңден таанышкандарын айта кетишти.

Тренингдин аягында катышуучуларга КР УИАнын президенти М.С. Джуматаев, КТРКнын башкы директору Жайнак Усен уулу жана Конрад Аденауэра атындагы Фонддун аймактык башчысы Ронни Хайне кол койгон сертификаттарды тапшырылды.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер