2019-жылы 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев Борбор Азиядагы Конрад Адэнауэра атындагы Фонддунун жаны башчысы Ронни Хайнени кабыл алды. Жолугушууга башчынын жардамчысы Ашраф Аликулов жана КР УИАнын Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Чолпон Урушбековна Койчуманова да катышышты.
Жолугушууда мындан аркы эки тараптуу мамилелер талкууланып, бирге иштөөдө бардык багыттардын пайдубалын түзүү тууралуу сүйлөшүлдү.
КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев кызматташуунун келечеги жөнүндө айтып жатып: “Борбор Азиядагы Конрад Адэнауэра атындагы Фондду туруктуу өнөктөш экенин, аны чогуу өткөрүлүп жаткан иш-чаралар аныктайт” – деп белгиледи.
Ал эми аталган фонддун жаны башчысы Ронни Хайне КР Улуттук илимдер академиясы илим жана билим тармагында мындан аркы дагы кызматташууларга аянтча болуп берээрине ишенээрин кошумчалады.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1808