2019-жылдын 27-сентябрында КР УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев Тажикистан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Олимзода Сухроб Ходжа менен жолугушту.
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы илимий-техникалык байланыштарды бекемдөө боюнча эки тараптуу өз ара кызматташтык тууралуу сүйлөшүлдү.
Тажикистан Республикасынын элчиси Олимзода Сухроб Ходжа ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу кызматташууну бекемдөө үчүн колдоо көрсөтөрүн айта кетти. Ал эми КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев КР Улуттук илимдер академиясы да узак убакыттан бери Тажикистан Республикасынын Илимдер академиясы менен кызматташаарын, жакында эле Тажикистанга болгон иш сапарында Тажикистан Республикасынын Илимдер академиясынын президенти Фарход Рахими Кодирович менен жолугушуп, инновациялык технологияларды алмашууга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча айрым бир келишимдер ишке ашырылгандыгын кошумчалай кетти.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1714