2019-жылдын 18-сентябрында КР Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев Кувейт Илимий Изилдөөлөр институтунун өнөктөштүк жана илимий-техникалык макулдашуулар бөлүмүнүн директору Уалид Рауий менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө илим жана техника жаатында эки тараптуу илимий байланыштар тууралуу талкууланды. Ошондой эле Кувейт Илимий Изилдөөлөр институту тарабынан мурда сунушталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Илимий-техникалык макулдашуулар бөлүмүнүн директору Уалид Рауий Кувейт Илимий Изилдөөлөр институту Кувейттеги негизги улуттук прикладдык изилдөөлөр институту экендигин жана түзүлгөн Меморандум эки өлкөнүн ортосундагы илимий жана прикладдык изилдөөлөр тармагында мындан аркы да кызматташууларга чоң мүмкүнчүлүк берээрин айтты.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1859