Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын Түштүк бөлүмүндө «Кыргызстандын суу ресурстары жана аны пайдалануунун көйгөйлөрү” деген темада тегерек стол өттү

2019-жылы 20-ноябрда КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн Гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институту тарабынан уюштурулган «Кыргызстандын суу ресурстары жана аны пайдалануунун көйгөйлөрү” темасында тегерек стол өттү.

Бул иш-чара көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналды.

Тегерек столго КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн жана анын институттарынын жетекчилери жана окумуштуулары, Папан суу сактагычы башкармалыгынын, Кыргыз Гидрометборборунун Түштүк башкармалыгынын, Баткен облустук суу чарба башкармалыгынын, суу сактагычтардын жетекчилери, Ош мамлекеттик университетинин, Ош гуманитардык педагогикалык институтунун, Ош Кыргыз-Өзбек университетинин окумуштуулары катышышты.

Гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр инcтитунун директору, тарых илимдеринин кандидаты Турсунай Омурзакованын модераторлугунда өткөн тегерек столдо Т.Усубалиевдин Кыргызстандын суу байлыктарын сактоо жана туура пайдалануу багытындагы ишмердүүлүгү; суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу аркылуу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикалык өз ара мамилелерин жакшыртуу; Папан суу сактагычынын абалы жана перстективасы; суу ресурстарын колдонуудагы маселелер боюнча баяндамалар жасалды.

Атап айтканда:

ГАИИнин улук илимий кызматкери т.и.к. Адилбаев Ж.А. “Т.Усубалиевдин Кыргызстандын суу байлыктарын сактоо, туура пайдалануу бпгытында иш-аракети”; Убайдулаев М.А. ГАИИнин бөлүм башчысы э.и.д. профессор “Борбордук Азия өлкөлөрүндө суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу аркылуу экономикалык мамилелерди жакшыртуу”; Сабиров М.Э, КӨУ КК ага окутуучусу: “Папан суу сактагычынын тарыхы” темаларында баяндамалары угулду жана талкууга алынды.

Ошондой эле тийиштүү тармактардын өкүлдөрү Кыргызстандын суу ресурстары жана аны пайдалануунун маселелери боюнча талкуулашып, ой-пикир алмашышты.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер