Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
В.В. Бартольддун 150 жылдыгына арналган  илимий-практикалык конференция өттү

2019-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында залкар окумуштуу-чыгыш таануучу, академик В.В. Бартольддун 150 жылдыгына карата, КР УИАнын Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту тарабынан уюштурулган илимий-практикалык конференция өттү.

Илимий-практикалык конференцияга окумуштуулар, билим берүү жана илимий мекемелердин өкүлдөрү, КР УИАнын илимий кызматкерлери катышты.

В.В. Бартольд 1869-жылы 3 (15) ноябрында Санкт-Петербург шаарында орусташкан немис үй-бүлөдө туулган. 1887-жылы В.В. Бартольд  классикалык гимназияны алтын медаль менен аяктап Санкт-Петербург университетинин араб-перс-түрк-татар  бөлүмүнө тапшырган. Өзүнүн илимий ишмердигинин  башталышынан тартып Борбордук Азиянын орто кылымдар тарыхына өзгөчө көңүл бөлгөн.

1900-жылы Бартольд магистрдик диссертациясын түп нуска булактар менен Түркстан тарыхы боюнча жогорку деңгээлде жактагандыгы үчүн докторлук даражасына ээ болгон.1910-жылы Бартольд Императорлук Санкт-Петербург илимдер академиясына член-корреспондент,1913-жылы академик болуп шайланган.

Бартольд бир канча илимий уюмдарда илимий ишмердик менен алектенген.1898-жылдан тартып географиялык, 1900-жылдан Орус археологиялык, 1911-жылдан  табигый илимдер сүйүүчүлөр коомуна, 1916-жылдан Тавр илимий комиссиясына мүчө болгон.

Изилдөөчүлүктөгү биринчи кадамынан тартып ал түрк элдеринин, анын ичинде кыргыздардын тарыхына өзгөчө кызыккан. “Байыркы түрк жазууларынын тарыхый мааниси”, “Жети-Суунун тарыхынын очерки” эмгектеринде кыргыз элинин тарыхы тууралуу баалуу маалыматтар кезигет. Кыргыздар тууралуу маалыматтарды чогултуп, системалаштырып, 1927-жылы “Кыргыздар” аттуу эмгегин жарыялаган. Бул очеркте кыргыздардын байыркы доордон ХIХ кылымга чейинки тарыхы баяндалат.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер