Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн жылдык отчету

2020-жылдын 10-январында КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн жылдык сессиясынын жалпы чогулушу өттү. Иш-чарага КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев, КР УИАнын академиктери, мүчө-корреспонденттери жана бөлүмдүн кызматкерлери катышты.

КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев өз сөзүндө  илимий-изилдөө институттарынын жүргүзгөн иштерин айтып, мамлекеттик тапшырыктарды алуу маанилүү экендигин белгилеп, жергиликтүү мамлекеттик башкаруу администрациясы менен тыгыз байланышууга чакырды. Ошондой эле КР УИАнын 2019-жылдагы жалпы жыйынтыктарын, маселелерин жана алдыдагы перспективалары тууралуу айта кетти.

Түштүк бөлүмүнүн төрагасы, м.и.д., профессор И.Т. Тайчиев өз сөзүндө М.С. Джуматаевге ыраазычылыгын билдирип,   ТБдүн илимий-изилдөө институттарынын   негизги жыйынтыктары боюнча баяндамасы менен тааныштырып, Гуманитардык жана регионалдык изилдөөлөр институтунда жүргүзүлгөн ремонт иштери тууралуу да өзгөчө белгилей кетти.

Илимдер академиясынын айрым мүчөлөрүнүн жылдык отчеттору окулду.

Түштүк бөлүмүнүн курамында  үч илимий-изилдөө институттары бар:  А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш ресурстары институту,  Гуманитардык жана регионалдык изилдөөлөр институту жана Жалал-Абад илимий борбору.

Түштүк бөлүмдүн жалпы кызматкерлеринин саны 162, анын ичинен 5 академик, 3 мүчө-корреспондент, 19 илимдин доктору жана 34 илимдин кандидаты.

Жалпысынан 87 илимий иш, анын ичинен 32си чет элде жарыяланган. Индекстелген журналдарда: РИНЦ – 67, Scopus – 2, Web of Science– 2.  Отчеттук мезгил ичинде  Жаратылыш ресурстары институту тарабынан 1 автордук  күбөлүк, Жалал-Абад илимий борбору тарабынан ойлоп табууга 4 патент алынган.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер