Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Тарых илими тармагында мыкты изилдөө үчүн сыйлык тапшыруу аземи өттү

2020-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында коомдук ишмер Т.А. Сариев тарабынан  түптөлгөн тарых тармагында мыкты изилдөө үчүн конкурстун лауреатына сыйлык тапшыруу аземи өттү. Иш-чарага КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев, коомдук ишмерлер Т.А. Сариев, А.Ж. Жумагулов, окумуштуулар,  өлкөдөгү илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жана илимий-изилдөө институттарынын кызматкерлери катышты.

Бул сыйлык  экинчи жылы катары менен Кыргызстандын тарыхы боюнча мыкты деп табылган  эмгектерге ыйгарылып жатат. Бул жылы конкурстун темасы “Кыргыздардын көчмөн мамлекеттүүлүгү маселелери” деп жарыяланган.

Темага ылайык келип түшкөн изилдөөлөрдөн эң мыкты эмгек катары КР УИАнын Б.Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун Кыргызстандын байыркы доордон ХIХ кылымдын соңку мезгилине чейинки тарыхы бөлүмүнүн улук илимий кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты Темир Асановдун “Кыргыздардын оң канат, сол канат этносаясий түзүлүшү-мамлекеттик бирикме катары”  аттуу темадагы изилдөөсү табылды.  Т. Асанов мыкты илимий иши үчүн 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алды.

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер