Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын А. Алтмышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институту «Салттуу музыкалык искусствонун маданий-тарыхый жана методологиялык маселелери» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрөт

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын А. Алтмышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институту 25-апрель – салттуу музыка күнүнө жана залкар төкмө-акын Кыргыз Республикасынын Эл артисти Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына карата 2020-жылдын 23-апрелинде «Салттуу музыкалык искусствонун маданий-тарыхый жана методологиялык маселелери» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрөт.

Илимий-практикалык конференциянын программасынын алкагында салттуу музыкалык искусствонун философиялык, тарыхый,  этнографиялык, социалдык ж.б. маселелери  каралат:

– салттуу музыкалык искусствосу  социалдык өнүгүүнүн контекстинде;

– салттуу музыкалык искусствосун изилдөөнүн маданий-тарыхый, методологиялык маселелери;

– салттуу  музыкалык  маданиятты изилдөөнүн  ХХ-ХХI кылымдардагы өзгөчөлүктөрү жана  анын искусствонун  театр, сүрөт, кино ж.б. түрлөрүндө  чагылдырылышы;

-оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусство – гуманитардык илимдин феномени.

«Салттуу музыкалык искусствонун маданий-тарыхый жана методологиялык маселелери» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууну каалоочулардан биз Маалымат кат, баяндаманын тезисин жана текстин 2020-жылдын 1-мартына чейин төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүүсүн өтүнөбүз: salttuu_muzyka@mail.ru

Байланыш телефону: +996700 863240 (улук илимий кызматкер, филос.и.к. Шаршебаева Тынара Аманбековна), +996708 845877  (илимий  кызматкер, Жаркынбаева  Гүлкайыр Таалайбековна).

Макаланы даярдоо талаптары:

Тексттик редактор: Microsoft Word (2003, 2007, 2010); Макаланын форматы: rtf (word форматы эмес); Жээктер: жогорку, төмөнкү – 2,5 см., сол жак – 3 см., оң жак – 2 см. Шрифттин өлчөмү – 14; шрифт: Times new Roman; сап аралык интервал ‒ 1,5; макаланын аннотациясы менен өзөктүү (ачкыч) сөздөрү кыргыз, орус жана англис тилдеринде жазылышы керек. Макаланын жалпы көлөмү 7 беттен ашпоого тийиш.

Адабияттардын тизмеси тексттин аягына жайгаштырылат жана тизмелөө тартибине ылайык терилет. Адабияттарга берилген шилтемелер текстте «квадраттык» кашаанын ичине алынып, тизмедеги эмгектердин номерине ылайык жазылат. Шилтемелерди колдонууда булактын бети көрсөтүлөт. Мисалы: [1, 12-б.]

Баяндама кыргыз, орус же англис тилинде жазылса  болот. Баяндаманы чыгаруу акысы: Кыргыз Республикасындагы авторлор үчүн – 1500 сом, КМШ мамлекеттериндеги авторлор үчүн – 4500 сом, чет өлкөлөрдөгү авторлор үчүн ‒ 5500 сом.

Жол, жатакана жана тамак-аш акысы катышуучулардын эсебинен төлөнөт.

Маалымат каттын формасы

Аты-жөнү_____________________________________________________________

Иштеген  жери_________________________________________________________________

Илимий даражасыилимий наамы___________________________________________________________

Үй дареги_________________________________________________________

Байланыш телефону__________________________________________________

Электрондук почта______________________________________________________

Баяндаманын темасы__________________________________________

 

УЮШТУРУУ КОМИТЕТИ


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер