Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
“Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына арналган Республикалык окуучулардын илим, техника жана өндүрүш Жумалыгы өттү

2020-жылдын 10-февралынан 14-февраль аралыгында “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо”  жылына арналган Республикалык окуучулардын илим, техника жана өндүрүш Жумалыгы өттү. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы өлкөбүздө Жумалыкты мектеп окуучулары үчүн илимий изилдөөлөр жана өнөр жайдын кызыктуу дүйнөсүн ачып берүү үчүн өткөрүп келе жатышканына 10 жылдан ашуун убакыттын жүзү болду.

12-13-февралда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Жумалыктын жаркын окуясынын бири болгон “Илим+Ойлоп табуу=Техника” аттуу Республикалык илимий-техникалык олимпиадасы өттү. Ага Кыргызстандын бардык областтарынан 20 команда катышты, бул – 100дөн ашуун адам. Бул жылы  балдар “Катаал (түз эмес) адырда транспорт каражатынын кыймылын башкаруу” темасына өздөрүнүн жеке долбоорлорун түзүштү. Өлкөбүздүн окуучулары КР УИАнын президенти М.С. Джуматаев жана илимдер академиясынын окумуштуулары менен жолугушуп,  тегерек столго катышышып, Машина куруу жана автоматика институтунда, Ж.Жеенбаев атындагы Физика институтунда болуп кайтышты. Балдар криссталды кантип өстүрүүнү,  голограмм кантип түзүлөөрүн, плазмалык, лазердик жана наномалыматтык технологиялар эмне экендигин  өз көздөрү менен көрүштү.

14-февралда КР УИАнын Чоӊ жыйындар залында  Окуучулардын илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын салтанаттуу жабылышы болуп, Жумалыктын жыйынтыгын чыгарылып, ИТО жеңүүчүлөрү сыйланып, КР ББИМ Өтмө кубогун тапшырылып, БРИТА “Алтын түйүндүн” тарбиялануучуларына “Жаш академик” ардак наамын ыйгарылып жана окуудагы өзгөчө ийгиликтери үчүн КР Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан ыйгаруучунун атындагы стипендия тапшырылды. Ошондой эле катышуучуларга КР УИАнын президенти да белектерди тапшырды.

Аталган иш-чаранын максаты,  жөн гана балдардын аң-сезимин кеңейтип тим болбостон,  аларды табигый-математикалык дисциплиналарды жана техникалык багыттагы кесиптерди өздөштүрүүсүнө, аталган багыттарга кызыктыруу болуп саналат. Бүгүнкү күндө биздин өлкө өнөр жай жана өндүрүштүн кайрадан түптөлүп жана активдүү өнүгүүсүнө муктаж болууда, бирок жаңы технологияларсыз жана квалификациялуу кадрларсыз бул максаттарга жетишүүгө эч мүмкүн эмес.

Республикалык окуучулардын Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы – бул, өлкөнүн экономикалык өнүгүү жана гүлдөп-өсүүсүнө негиз болгон өсүп келаткан жаштарды илимий жана өнөр жай турмушуна түптөө үчүн кубаттуу импульс!


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер