Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Жалпы жылдык чогулуш

2020-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында (КР УИА) Жалпы жылдык чогулуш өттү.

Иш-чарага КР Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү, КР УИАнын анык мүчөлөрү, илимдер академиясынын окумуштуулары жана илимий кызматкерлери,  КР ЖОЖдордун ректорлору жана окутуучулары катышты.

КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаевдин  баяндамасында КР УИАнын 2019-жылдагы ишмердигинин жыйынтыктары жана 2020-жылга каралган милдеттер айтылды.

М.С.Джуматаев өз сөзүндө 2019-жылдагы негизги аракет Улуттук илимдер академиясы тарабынан аткарылып жаткан илимий долбоорлордун өлкөбүздүн экономикалык жана социалдык турмушуна жарыгы тийип, натыйжаларга жетишүүсү. Жаңы долбоорлорду түзүүнүн эң негизги шарттарынын бири изилдөөлөрдөн кайтарымдуу жыйынтыктарды алуу – деп белгилей кетти.

Отчеттук жылы КР УИАда 98 долбоор боюнча илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүп, анын 27си бюджеттик негизде, 36сы эл аралык фонддордун жана гранттардын эсебинен, 35и чарбалык эсептин негизинде аткарылган.

КР УИАнын илимпоздору тарабынан 28 техникалык чечим патенттелип, патент берүү тууралуу 21 оң жооп алынган, эл аралык жана аймактык долбоорлорго, нормативдерге 125 мамлекеттик экспертиза жүргүзүлгөн. КР УИАнын кызматкерлери илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары боюнча 1062 эмгек жарыялашкан, анын 471си чет мамлекеттерде жарык көргөн, бул жалпы эсептин 39,3 пайызын түзөт. Басылмалардын ичинде 48 монография, анын 7си чет мамлекеттерде жарыкка чыккан, 61 окуу китеп жана окуу куралдары бар.

Өткөн жылга салыштырмалуу көптөгөн макалалар эр аралык рейтинги жогору, РИНЦ (440), Scopus (33), WebofScience (33) сыяктуу басылмаларда жарыяланган.

Илимий кызматкерлердин иштөө шартын жакшыртуу үчүн отчеттук жылы Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунда, Биология институнун токой бөлүмүндө, Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунда, Дж. Алышбаев атындагы Экономика институтунда, Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда, А.А. Алтмышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунда, ТБдүн  Гуманитардык жана регионалдык изилдөөлөр институтунда, Ботаникалык бактын башкы имаратында жана Горький көчөсүндөгү оранжереясында, теплицаларында ири оңдоп-түзөө иштери аткарылды.

2019-жылы КР УИАнын кызматкерлеринин айлык акысы 30 пайызга жогорулады. Айта кетсек, айлык акы 2011-жылдан бери көтөрүлбөй келген.

КРнын Президенти С.Ш.Жээнбековдун “2019-жыл – региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы”  деп жарыялаган Указынын негизинде Улуттук илимдер академиясы  “КР УИА – Баткен облусу” деп аталган пилоттук долбоор  иштеп чыкты. Баткен облусу менен КР УИАнын ортосунда түзүлгөн Меморандум долбоордун биринчи кадамы болду.

Отчеттук мезгилде эл аралык байланыштар тармагы да активдүү иштеп, эл аралык 4 келишимге кол коюлду;

  • Илимий жактан алмашуу программалары боюнча Сикоку университети менен КР УИАнын ортосундагы меморандум;
  • КЭРдин Түндүк-Батыш политехникалык университети менен КР УИАнын ортосундагы меморандум;
  • Кувейт илимий изилдөөлөр институту менен КР УИАнын ортосундагы кызматташуу боюнча меморандум;
  • Монголия илимдер академиясы менен КР УИАнын ортосундагы кызматташуу боюнча меморандум.

“Бир алкак- бир жол” программасынын негизинде  Кыргыз-Кытай “Борбордук Азиянын экологиясын жана айлана-чөйрөсүн илимий-изилдөөчү борбору” менен биргеликте Кыргызстандын чакан айылдарын таза суу менен камсыз кыла турган  “Суу тазалоочу үй” деген жабдуу сунушталып, алгачкысы Аламүдүн районундагы Достук айылына коюлду. Түштүк бөлүмгө караган Жалал-Абад илимий борборунун аймагына заманбап метеостанция орнотулду.

Дагы бир эл аралык байланыш Конрада Аденауэра атындагы эл аралык фонд менен байланыштуу. Фонддун колдоосу менен КР УИАда биринчи жолу илимий-изилдөө институттарынын кыматкерлеринин жана мамлекеттик жана менчик телерадиоберүү компанияларынын журналисттеринин катышуусунда “Илимий ишмердүүлүк жана ММК” деген темада мастер-класс өттү.

“2020-жыл – Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыяланган Президенттик курстун негизинде Улуттук илимдер академиясынын алдыга койгон негизги маселелери;

  • мамлекеттик тапшырмага өтүп, илимий долбоорлордун кайрымдуулугун жогорулатуу;
  • илим чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдык-укуктук базаны өркүндөтүүнү улантуу;
  • Баткен облусунун мисалы боюнча аймактарды өнүктүрүү боюнча илимий долбоорду иштеп чыгуу;
  • илим-изилдөө мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртууну улантуу, өзгөчө жабдуулар паркын жаңыртуу ишин жандандыруу;
  • магистратура институтун УИАсына киргизүү;
  • эл аралык илимий жана илимий-техникалык түзүмдөрдүн интеграциялык мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү пайдаланып, ишмердикти каржылоонун бюджеттен тышкаркы булактарын тартуу, гранттар менен фонддордун каражаттарын топтоо жана колдонуу иш-аракеттерин активдештирүү;
  • эл аралык мартабалуу илимий эмгектер базасындагы УИАнын кызматкерлеринин макалаларынын санын көбөйтүү.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер