Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер Жоромамат Арзиев көз жумду

2020-жылдын 31-июлунда 71 жашында техника илимдеринин доктору, профессор, илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер Жоромамат Арзиев көз жумду.

Ж. Арзиев 1949-жылдын 16-февралында Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кыргызстан кыштагында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1966-жылы Сузак районундагы Кызыл-Пахтачы орто мектебин аяктаган. 1970-жылы Ош мамлекеттик педогогикалык институтунун физика-математикалык факультетин аяктаган. 1980-жылы кандидаттык диссертациясын, 2013-жылы докторлук диссертациясын коргогон. Эмгек жолун Ош облусунун Сузак районундагы Гагарин орто мектебинде физика мугалими болуп баштаган. Ош мамлекеттик педагогикалык институнда, Ош техникалык университетинде лаборант, ага окутуучу, улук окутуучу, кафедра башчысы болуп эмгектенген. 1989-жылдан тартып КР УИАнын Түштүк бөлүмүндө жетектөөчү илимий кызматкер, лаборатория башчысы, директордун орун басары жана А.С. Жаманбаев атындагы Жаратылыш ресурстары институтунун директору болуп эмгектенген.

Ж.Арзиев көптөгөн илимий эмгектердин автору.

Илимдеги жемиштүү ишмердиги үчүн илим жана билим берүү тармагы боюнча бир нече сыйлыктардын ээси болгон: КРнын билим берүүнүн мыктысы – 2004-ж., КР УИАнын эмгек сиңирген илимий кызматкери – 2004-ж., КРнын илим жана техника жааты боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты – 2006-ж., КРнын Ардак грамотасы – 2011-ж., академик У. Асаналиев атындагы академиялык сыйлыктын лауреаты – 2014-ж.

Ж.Арзиев көрүнүктүү илимпоз жана педагог, ошондой эле асыл адам болгон.

КР УИАнын Президиуму жана Түштүк бөлүмү анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер