Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын кызматкерлеринин жана анык мүчөлөрүнүн Кыргызстандын элине жана азыркы жетекчилигине кайрылуусу

Урматтуу мекендештер!

           Биз,  Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери жана анык мүчөлөрү, өлкөдөгү абалга тынчсыздануу менен Кыргызстандын элин акыл-эстүүлүккө, сабырдуулукка, толеранттуулукка чакырабыз. Биздин өлкөдө Кыргыз Республикасынын Конституциясы – эң негизги мыйзам, биз ошол баш мыйзамга  таянып,  мыйзамдарды туу тутуп, цивилизациялуу жолдон чыкпай иш кылалы, ошондой эле  улуттук салттарга жана жалпы дүйнөлүк баалуулуктарга жооп берген, азыркы учурга ылайыктуу демократия болуш керек.

Биз сиздердин  мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздөрдө укуктук талаадан чыкпай, кыргыз коомчулугунда элдин биримдигин жана тынчтыкты  сактоого,   улуттар аралык достукту бекемдөөгө чакырабыз. Кыргызстандын эли жана жогорку жетекчилиги  мамлекеттүүлүк маселесин чечүүнүн, өлкөнүн коомдук   өнүгүүсүнүн  туура жолун таап,   тынчтыкты сактап,      социалдык-саясий   бакубатчылыкты камсыз кылып, андан нары өлкөнүн өнүгүүсүнө  жетишип, элдин жашооо- турмушун жакшыртат деп ишенебиз.

Кыргызстандагы азыркы түзүлгөн абал  өлкөбүздүн жетекчилерин жана саясий элитаны, ошондой эле элди, өзгөчө жаштарды сергек, сабырдуу, эстүү  болууга милдеттендирет жана  санжыргалуу ата-бабаларыбыздын атына татыктуу болууга үндөйт.  Өлкөдө стабилдүүлүктү,  коомдук-саясий, укуктук  тартипти сактоо азыркы учурда   эң башкы милдет болуп саналат.

Биз өлкөбүздүн жарандарына кайрылабыз, сарсанаа болуп,  кайгыга алдырбагыла, жакшылыктан үмүт үзбөй мыйзамдуулукту сактап,  өлкөбүзгө тынчтык орнотууга жардам берели. Азыркы кырдаалда “кыргыз революцияларынын” сабактарын эске алуу менен саясий жана укуктук системаны натыйжалуу  пайдаланып, мамлекеттин жана кыргыз коомчулугунун  ишмердүүлүгүнө ыңгайлуу шарт түзүү зарыл. Кыргыз  интеллигенциясын бул процесстин жүрүшүнө жигердүү салым кошууга чакырабыз.

Биз бардык мекендештерди, бардык партияларды  жана жаштар кыймылдарын коомубуздун  реалдуу турмушун бурмалап, чайкоочулук кылгандарга, эл аралык коомчулуктун алдында Кыргызстанды жаман көрсөтүүгө аракет кылган чагымчылдарга каршы турууга, бурмаланган,  жалган маалымат таратып, Кыргызстандагы абалды дестабилдештирүүгө  умтулгандарга  жол бербөөгө чакырабыз.  Эгер,  ага жол берсек, анда  биз  дүйнөлүк прогресстин көчүнүн эң  артында кала турганыбызды унутпайлы.

Көп улуттуу Кыргызстандын эмгекчил эли, таланттуу, патриот, келечектүү жаштары, кеменгер,  саясий эрки бар жетекчилиги өлкөдө бейпил турмушту, тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылып, социалдык адилеттүүлүктүн өнүгүүсүнө жол ачат деп ишенебиз.

Биздин күчүбүз – биримдикте жана ынтымакта!

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер