Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Илим күнүнө арналган салтанаттуу жыйын

2020-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын Илим күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү.

Майрамдык иш-чаранын ачылышында КР УИАнын илимий-изилдөө институттарынын эмгектеринин көргөзмөсү болду. Ошондой эле, иш-чаранын алкагында Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемелеринин ишмердүүлүгү жөнүндө видео ролик көрсөтүлдү.

Салтанаттуу чогулушка Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а., Премьер-министр Садыр Нургожоевич Жапаров, КР УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Сапарбекович Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаевич Базарбаев, КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жанна Урматовна Саралаева, КРнын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевич Бейшеналиев, КРнын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы Динара Автандиловна Молдошева, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы Бакыт Карыбековна Тыналиева, КРнын ЖОЖнын ректорлору, Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрү жана окумуштуулар катышты.

 

 

 

 

 

 

 

КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев илимий мекеменин ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана ачылыштары жөнүндө айтып берип, азыркы учурда Академия туш болгон кыйынчылыктарды, анын ичинде техника-жабдуу базасын жаңылоого каражат жетишсиз болуп жатканын белгиледи.

“Акыркы 16 жылдын ичинде өлкөнүн бир дагы Президенти Улуттук академияга келген эмес. Сиздин бул келишиңиз илимге жана окумуштуулардын эмгектерине болгон мамиленин өзгөрүшүнүн белгиси болоруна жана мындан ары оң натыйжаларды алып келерине ишеним артабыз”, – деп билдирди М.С. Джуматаев Президенттин милдетин аткаруучуга кайрылып.

Президенттин милдетин аткаруучу С.Н. Жапаров өз сөзүндө Кыргызстандын окумуштууларын Илим күнү менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалады.

“Коомдун каймактары болгон интеллигенциянын мамлекетибиздеги коомдук-экономикалык процесстерге аралашпай калгандыгы өкүндүрөт. Анын башкы себеби, албетте, биринчиден, мамлекет тараптан тийиштүү көңүл бөлүнбөй, окумуштууларыбыз турмуштун оорчулугун жеңе албай жатат. Бирок окумуштуулардын миссиясы мамлекеттик стратегияларды иргеп-ылгап коомго сунуштоо, аткаруу бийлигине артыкчылыктарды аныктоого жардам берүү деп ойлойм. Биз ансыз да көп убакытты жоготтук, тилекке каршы, он жылдап биздин илим системалуу көйгөйлөргө кабылып келет. Илим ушундай тармак, илим болбосо – экономика да, жалпысынан мамлекет да өнүгө албайт. Ал эми илим адамдары – коомдун жүзү”, – деп баса белгиледи С.Н.Жапаров.

Ал реформа жүргүзүүдө биринчи кезекте илим турушу керектигин кошумчалап, Өкмөт экономиканы турукташтыруу үчүн чоң милдеттерди коюп жатканын, ал эми жаңы технологиялар менен иштин жаңы ыкмалары колдонулбаса, аны ишке ашыруу мүмкүн эместигин белгиледи.

«Учурда мамлекетибиз илимдин жардамына абдан муктаж болуп тургандыгын баса белгилеп айткым келет. Өлкөнүн өнүгүү жолуна, келечегине – илим менен мамлекеттин биримдиги аркылуу гана жете алабыз деп ойлойбуз. Анткени илим экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүдө, адам ресурстарын пайдаланууда бир кадам алдыга жүрүшү керек. Алдыңкы мамлекеттердин баарында илим абдан өнүккөн. Мамлекетте кайсы бир көйгөй илимге тапшырма берүү менен чечилиши керек», – деп айтты С.Н. Жапаров.

Президенттин милдетин аткаруучу Кыргызстандын илимпоздорунун алдында бир нече тапшырмалар турганын белгиледи. Алар:өлкөнүн илимий, илимий-техникалык, социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча негизги багыттарды туура жана натыйжалуу эсептеп, туура прогноздорду жасоо; келечектеги илимпоз жаштарды тарбиялап өстүрүү; илимий дипломатияны өнүктүрүү.

«Кыргызстан үчүн илимдин башкы изилдөө багыты – экономика болушу керек. Өлкөнүн алдында саясий-экономикалык өзгөрүүлөр, азык-түлүк коопсуздугу, экология, суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, минералдык ресурстардын жаңы кендерин таап, аларды  өздөштүрүү,  медицинада жана айыл чарбасында биотехнологияны өнүктүрүү сыяктуу олуттуу иштер бар. Сиздердин алдыңыздарда ушул мүмкүнчүлүктү ачууга салым кошуу милдети турат. Илим туура жолго багыт алса, мамлекеттик дагы, ишкердик дагы заказдар көбөйөт. Демек, эки тараптын талаптары аткарылат. Илимдер академиясы музейге эмес, иш кайнаган жерге айланат», – деп билдирди Президенттин м.а.

Президенттин м.а. Академиянын техникалык базасын жаңылоого жана башка муктаждыктарына 300 млн сомго жакын каражат бюджеттен сырткаркы булактардан бөлүнөрүн кошумчалады.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында ак ниет эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы  менен Г.Ч. Донбаева – ф.и.д., доцент, КР УИАнын Э. Гареев атындагы Ботаникалык бактын директорунун м.а., Ч.У. Койчуманова – тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Эл аралык кызматташтык жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан жеке саат менен К.Э. Абдрахматов – геология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору сыйланышты.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер