Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын Физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен геологиялык илимдер бөлүмүнүн 2020-жылга карата отчету

2021-жылдын 14-январында КР УИАнын Физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен геологиялык илимдер бөлүмүнүн 2020-жылга карата илимий жана илимий-уюштуруу ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчету болуп өттү. Иш-чарага КР УИАнын президенти, академик М.С.Джуматаев, КР УИАнын академиктери, корреспондент-мүчөлөрү, илимий-изилдөө институттарынын директорлору жана илимий кызматкерлер катышты.

Иш-чарада Бөлүмдүн төрагасы, корреспондент-мүчө К.Ч. Кожогуловдун “Бөлүмдүн илимий жана илимий-уюштуруу иш-аракеттеринин негизги жыйынтыктары” жана төраганын орун басары, ф.-м.и.д. Н.Ж.Жеенбаевдин “Бөлүмдүн мүчөлөрүнүн 2020-жылдагы илимий уюштуруу иштери жөнүндө” докладдары окулуп, талкууланды.

Физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен геологиялык илимдер бөлүмүндө 7 институт бар. Илимий-изилдөө институтунун түзүмүнө 48 илимий лаборатория кирет; Ала-Арча кооптуу гидрологиялык процесстерди изилдөөчү полигону, Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борбору, Эксперименталдык технология борбору,
Метрология жана стандартташтыруу бөлүмү, “Шакирт” инженердик борбору, эки эл аралык борбор – Илимий-техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-кытай борбору жана Борбордук Азиянын экология жана айлана-чөйрөнү изилдөө борбору (ШКУнун алкагында), “Геоприбор” изилдөө борбору, “Геосервис” илимий-долбоорлоо борбору, ошондой эле 2 борбор – Маалыматтарды иштеп чыгуу борбору жана Интеграцияланган мониторинг борбору.

Бөлүмдө 713 кызматкер, алардын ичинен 67 илимдин доктору жана 125 илимдин кандидаты эмгектенет. Бүгүнкү күндө Бөлүмдө10 академик жана 8 корреспондент-мүчө бар.

Бөлүмдүн илимий-изилдөө институттары тарабынан 352 илимий эмгек жарыяланып, алардын 129 эмгеги чет өлкөлөрдө жарыяланган. Индекстелген журналдарда: РИНЦ – 286, Scopus – 46, Web of Science – 33. Ойлоп табууга 12 патент алынды. 5 эл аралык жана республикалык илимий форумдар, конференциялар өткөрүлдү. 2 монография жана 2 окуу куралы басылып чыкты.

Отчеттук жылы 1 доктор жана 8 илимдин кандидаты даярдалды.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер