Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын Коомдук илимдер бөлүмүнүн 2020-жылга карата илимий-изилдөөчүлүк жана илимий-уюштуруучулук ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчету

2021-жылдын 15-январында КР УИАнын Коомдук илимдер бөлүмүнүн 2020-жылга карата илимий-изилдөөчүлүк жана илимий-уюштуруучулук ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчету өттү. Жылдык отчетко КР УИАнын президенти М.С. Джуматаев, КР УИАнын академиктери, корреспондент-мүчөлөрү жана бөлүмдүн кызматкерлери катышты.

Жылдык отчеттун жүрүшүндө Коомдук  илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик А.А. Акматалиев “Бөлүмдүн 2020-жылы аткарган илимий-изилдөөчүлүк жана илимий-уюштуруучулук ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрү жана натыйжалары тууралуу”,  корреспондент-мүчө А.А. Асанканов “2020-жылдагы Бөлүмдүн мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгү жана илимдин өсүп өнүгүшүнө кошкон салымы” тууралуу  билдирүү жасашып, талкууланды.

Коомдук илимдер бөлүмүнүн курамында 6 илимий мекеме жана борборлоштурулган илимий китепкана бар: Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту; Б.Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту; А.Алтмышбаев атындагы Философия, укук жана сациалдык-саясый  изилдөө институту; Дж. Алышбаев  атындагы экономика  институту; Саясый изилдөөлөр жана экспертизалар борбору; Кыргыз Энциклопедиясы; Борбордук илимий китепкана.

Илимий мекемелердеги жалпы кызматкерлердин саны 273, анын ичинен илимий кызматкерлердин саны – 223,  5 академик, 12 корреспондент-мүчө,  41 илимдин доктору, 67 илимдин кандидаты эмгектенишет.

Бөлүм тарабынан 2020-жылы жалпы 222 эл аралык, республикалык илимий конференция, семинар, тегерек столдор уюштурулган жана катышышкан.

Бөлүмдүн алдындагы диссертациялык кеңештерде республикалык жана чет элдик мекемелерден даярдалган 10 докторлук жана 9 кандидаттык  диссертациялар корголгон. Ошондой эле азыркы учурда 270 аспирант билим алышат.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер