Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын анык мүчөлөрүн (академиктерин)  жана  корреспондент-мүчөлөрүн шайлоо

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Уставынын 15, 16 пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын төмөнкү тармактары жана адистиктери боюнча анык мүчөлүккө (академиктер)  жана  корреспондент-мүчөлүккө БОШ  ОРУНДАР  БАР  ЭКЕНИН  БИЛДИРЕТ:

Тармактардын жана адистиктердин аталышы           Бош               орундардын                  саны
                Анык мүчөлөр (академиктер)
Геомеханика              1
Илимде жана билим берүүдө маалымат технологиялары              1
Социалдык жана техникалык системаларда башкаруу              1
Конденсирленген  абалдын  физикасы              1
Микробиология,  иммунология              1
Ветеринардык  вирусология              1
Биомедицина,  биофилософия              1
Айыл-чарбалык биотехнология              1
Фармакология              1
Хирургия, травматология-ортопедия              1
Философия              1
Юридикалык илимдер, маданият таануу              1
Кыргыз тили              1
Тарых,  этносоциология              1
Филология 1 (КР УИА ТБ)
                                   Корреспондент-мүчөлөр
Физика,  атомдук  спектроскопия              1
Геотехнология              1
Тоокен иши              1
Тоокен машиналары              1
Математика, геометрия, топология              1
Механика              1
Сейсмология              1
Транспорт              1
Физика, катуу заттар физикасы              1
Энергетика              1
Биология, биогеохимия              1
Урология, андрология              1
Молекулярдык  биология, генетика              1
Клиникалык  физиология,  нейрофизиология              1
Химия              1
Биологиялык  ресурстар              1
Хирургия, онкология,  радиология              1
Терапия,  коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо              1
Педиатрия, акушер-гинекология, балдар хирургиясы жана ортопедия              1
Неврология,  нейрохирургия              1
Кыргыз  тили              2
Экономика              2
Философия              1
Тарых              2
Адабият              1
Юриспруденция              1
Саясат таануу,  социология              1
Педагогика              1
Математика 1 (КР УИА ТБ)
Химия, биология 1 (КР УИА ТБ)
Медицина, эпидемиология 1 (КР УИА ТБ)
Юридикалык илимдер 1 (КР УИА ТБ)
Техникалык механика 1 (КР УИА ТБ)

 

        КР УИАнын Уставынын 15 пункттуна ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына анык мүчөлүккө (академиктер)  Кыргыз Республикасынын жараны, илимий мектеби бар, илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүктө иштеген жана илимди көрүнүктүү эмгектери менен байыткан КР УИАнын корреспондент-мүчөлөрү шайланат.

         КР УИАнын Уставынын 16 пункттуна ылайык  Кыргыз Республикасынын  Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын жараны, илимдин доктору илимий даражасы жана профессордук илимий наамы бар, илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүктө  кесипкөй катары иштеген жана илимди көрүнүктүү эмгектери менен байыткан илимпоздор шайланат.

КР УИАнын Уставынын 26-пункттуна ылайык, 75 жашка жеткен корреспондент-мүчөлөр жана илимдин докторлору КР УИАнын мүчөлөрүн шайлоодо талапкерлигин коюуга уруксат берилбейт (анык мүчөлүккө жана корреспондент – мүчөлүккө).

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлөрүнүн жана корреспондент-мүчөлөрүнүн башкы милдети – илимди жана техниканы жаңы илимий жыйынтыктар менен  жеке илимий-изилдөөлөрү жана илимий көйгөйлөрдү жамаат менен иштеп чыгууларды уюштурууда ишке ашкан ачылыштар менен байытуу.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлөрүнүн жана корреспондент-мүчөлөрүнүн негизги милдети – илимди жана техниканы жаңы илимий жыйынтыктар, ачылыштар менен жеке өзү жүргүзгөн илимий-изилдөө жана илимий маселелерди жамаат менен иштеп чыгууну уюштуруу.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлөрү жана корреспондент-мүчөлөрү илимий натыйжаларды эл чарбасында жана маданий курулушта колдонууга көмөктөшүүгө, илимий кадрларды даярдоого, квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүүгө, көрсөтмөлөрдү аткарууга жана  КР УИАнын Президиумунун, бөлүмдүн тапшырмаларын  аткарууга милдеттүү.

Жогоруда көрсөтүлгөн адистиктер боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлүгүнө жана корреспондент-мүчөлүгүнө талапкерлерди  көрсөтүү укугу   КР УИАнын  анык  мүчөлөрүнө,      өз  курамында илимий бөлүмдөрү  жана  жогорку квалификациялуу илимий адистери бар илимий мекемелерге,  жогорку окуу жайларына, илимий кеңештерге,  Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик  жана  коомдук  мекемелерине  берилет.

Илимий мекемелерде, жогорку окуу жайларда, мамлекеттик жана коомдук  мекемелерде талапкерлерди көрсөтүү илимий жана  илимий-техникалык кеңешмелердин, коллегиялардын же президиумдардын отурумдарында көпчүлүктүн добушуна ээ болуу менен өткөн жашыруун шайлоодо жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлүгүнө жана корреспондент-мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн  талапкерлердин ысымдары  тиешелүү жүйөлөр  менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына мүчөлүккө шайлоо өткөрүү тууралуу кабар жарыялангандан кийин, бир айдын ичинде  жазуу түрүндө билдирилет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлүгүнө (академик) жана корреспондент-мүчөлүгүнө талапкерлер төмөнкү документтерди тапшыруу кажет (2 нускада):

  • Талапкерге анык мүчөлөрдүн көрсөтмөсү, илимий мекемелердин, жогорку окуу жайлардын илимий же илимий-техникалык кенештин (коллегия, президиум)  көрсөтүү тууралуу чечими;
  • негизги илимий эмгектердин маанилүүлүгү тууралуу сын-пикирлер;
  • өмүр баян;
  • кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча;
  • талапкердин илимий, илимий-уюштуруучулук жана коомдук ишмердүүлүгү боюнча мүнөздөмө;
  • илимий эмгектердин тизмеси (форма №3);
  • дипломдордун жана күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү;
  • 4,5 х 6 см өлчөмүндөгү 3 сүрөт;
  • СD- дискте сканерленген жогоруда белгиленген документтер.

Жогоруда  көрсөтүлгөн документтердин  кээ бири жок болуп калса, талапкерлер катталбайт.

 Учурдагы УИАнын академиктерине жана мүчөкорреспонденттерине академиялык наамы үчүн мамлекеттик ставка сакталат. Мында, эгерде учурдагы УИАнын мүчө-корреспонденти академик  болуп шайланса, анда ал УИАнын мүчө-корреспондентинин ставкасын алат. Кайра шайланган УИАнын академиктери жана мүчө-корреспонденттери академиялык наамы үчүн ставка алышпайт (КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  ӨКМӨТҮНҮН  ТОКТОМУ№ 439, 2015 жыл 3 июль).

Көрсөтүлгөн  материалдарды  (анын ичинде СD- дисктеги электрондук маалыматтарды)  төмөндөгү  дарекке  жибериңиздер:       

720071, Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 265а,

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиуму, Укуктук, документтик жана архивдик кадрлар бөлүмү.

Телефон: 0312(64-63-27).

Сурап ​​билүү үчүн телефон: 0312(39-20-44), 0312(64-19-97)

Дженбаев Б.М. – КР  УИАнын башкы  окумуштуу  катчысы.

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер