Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Казат Акматовдун 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция

2021-жылы 12-майда Кыргыз  Республикасынын  Улуттук  илимдер  академиясында  Кыргыз Республикасынын  Эл жазуучусу,  Токтогул  атындагы   мамлекеттик   сыйлыктын  лауреаты,    легендарлуу  парламенттин   депутаты  Казат  Акматовдун  80  жылдык   мааракесине арналган  “Казат  Акматовдун  чыгармаларында   доордун  көркөм  чыгылдырылышы” аттуу  илимий-практикалык  конференция  болуп өттү.

Ошондой эле иш  чаранын алкагында  жазуучунун  “Ачуу   чындык,  акыйкат  сөз”  аталышындагы китебинин  бет ачаары  да болду.

Иш  чарага  КР  УИАнын президенти, академик  М.С. Джуматаев, КР Президентинин  кеӊешчиси  М.О. Букуев, Коопсуздук   кенешинин  экс-төрагасы Б.Ч. Жанузаков,  КР  УИАнын  Коомдук  илимдер  бөлүмүнүн  төрагасы  А.А. Акматалиев, Ж.Баласагын  атындагы   Кыргыз улуттук университетинин  профессору   Т.К. Чороев, “Ачуу  чындык,  акыйкат  сөз”  2-китебинин  редактору Ө. Калыева,  китепти түзгөн,  басмадан  чыгарган  Ч.Т.  Субакожоева,  мамлекеттик  жана коомдук  ишмерлер жана жазуучунун  чыгармачылыгына  таазим  кылган  замандаштары  катышып,  Казат  Акматов   тууралуу  эскерип,  ой-бөлүшүштү.

КР  УИАнын президенти, академик  М.С. Джуматаев өз сөзүндө: “Көрүнүктүү кыргыз жазуучусу жана коомдук ишмер Казат Акматовдун чыгармачылык жолу олжолуу болду десек жарашат. Анткени анын  “Ала-тоо кары” аттуу алгачкы аңгемесинен айтылуу “Архат” романына чейинки  жолу чынында да   чыгармачылык түйшүктүү  изденүүлөргө толгон жемиштүү жылдар болгон. Жазуучунун идеялык-көркөмдүк изденүүлөрү, чыгармадан чыгармага чейин баскан жолу  өз чыйырын,  өз почеркин табуу түйшүгү менен коштолгон. “Мезгил”, “Архат” аттуу чыгармалары роман жанрын жаны деңгээлге которгон этаптык туундулардан болуп саналат” деп белгиледи.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер