Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
“Касым Тыныстанов – Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери жана окумуштуусу”

2021-жылы 20-майда КР УИАнын Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту жана КР Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду тарабынан уюштурулган мамлекеттик жана коомдук ишмер К. Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган “Касым Тыныстанов – Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери жана окумуштуусу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Иш чарага КР УИАнын президенти, академик М.С.Джуматаев, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы С.Ж. Мусаев, КР Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фондунун төрагасы К.С. Молдокасымов, саясий жана мамлекеттик ишмер М.Ш. Шеримкулов, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору А.А. Акматалиев, КР УИАнын Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору А.А. Асанканов жана ошондой эле окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, коомдук ишмерлер катышты.
Эл аралык илимий конференциянын максаты – Касым Тыныстановдун ХХ кылымдын 20-30-жылдарындагы Кыргызстандын коомдук-саясий жана маданий өнүгүүсүндөгү ишмердүүлүгүнө илимий-тарыхый баа берүү.
Алгачкы кыргыз профессору, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, 1920–1930-жж. элдик билим берүү жаатындагы реформатор Касым Тыныстановдун өмүрү жана ишмердүүлүгү Кыргызстан тарыхында татыктуу орунду ээлейт. К. Тыныстанов өлкөнүн коомдук-саясий, маданий өнүгүүсүнө түрткү берген жана кыргыз адабий тил чөйрөсүндөгү реформаларды ишке ашырууга катышкан. Окумуштуунун кыргыз тили багытындагы бир катар («Окуу куралы», 1924; «Чоңдор үчүн алиппе», 1926; «Биздин тил», 1927; «Эне тил», 1928; «Кыргыз тилинин морфологиясы», 1934; «Кыргыз тилинин синтаксиси», 1936) эмгектери жарыкка чыккан.
1924-жылы Ташкент шаарындагы Агартуу институтун бүткөндөн кийин Түркстан Эл агартуу комиссариатындагы Илимий комиссиясынын катчысы, кийин төрагасы болуп иштеген. 1925-жылы «Эркин-Тоо» газетасынын редактору, 1927–1930-жылдары Кыргыз АССРнин Эл агартуу комиссары, 1930–1937-жылдары алгач Кыргыз маданият жана куруу институтунун илимий кызматкери, кийин анын директору. Саясий репрессиянын жылдарында ага жүйөсүз буржуазиялык улутчул күнөөсү тагылып, 1937-жылы камалган жана 1938-жылы атууга кеткен. 1988-жылы К. Тыныстанов толугу менен акталган.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер