2021-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк жылдарында илимдин өнүгүүсү” аттуу Эл аралык илимий-теориялык конференция өттү.
Иш-чарага КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев, КРнын Президентинин кеңешчиси Б.И.Борубашев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары А.Т.Абдраева, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы Б.К. Тыналиева, Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрү жана окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер ж.б. катышты. Ошондой эле Казакстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик М.Ж. Журиновдун, Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясынын президенти, академик Б.С. Юлдашевдин куттуктоо сөздөрү видео аркылуу көрсөтүлдү.
Конференцияда коомдук изилдөөлөрдүн Эгемендүү мезгилинде жаңыланышы жана жаңырышы, Кыргызстандын тоолу аймактарын рационалдуу жана коопсуз өздөштүрүүдө академиялык илимдин ролу, биологиялык багыттагы академиялык илимдин негизги жетишкендиктерине контент-анализ, «экономикалык билим» жана «социалдык-экономикалык концепт» аспектинде, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жана биокоопсуздугун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасында азыркы учурда биологиялык ресурстарды жана негизги дары чөптөрдү, эфирмайлуу өсүмдүктөрдү изилдөөнүн абалы тууралуу баяндамалар жасалды.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында КР УИАнын илимий-изилдөө институттарынын эмгектеринин көргөзмөсү болду.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1811