2021-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Мамлекеттик тил күнү белгиленди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик М.С. Джуматаев, Кыргыз Республикасынын Эл акыны М.Аматов, КР УИАнын илимий-изилдөө институттарынын директорлору, окумуштуулар жана кызматкерлери катышты.
КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев баардыгын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Ал өз сөзүндө кыргыз тилинин баалуулугу жөнүндө айтып, ата-бабаларыбыздын тили жана мамлекеттүүлүктүн негизи катары кыргыз тилинде сүйлөөгө жана кыргыз тилин үйрөнүүгө үндөдү.
Иш-чаранын алкагында Илимдер академиясынын кызматкерлерине президент М.С. Джуматаев кыргыз тилинде жазылган китептерди белекке берди.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1733