2021-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата илимий-изилдөө институттарынын арасында спорттук иш-чара өткөрүлдү.
Спорттук иш-чараны ачып жатып, КР УИАнын президенти, академик М.С.Джуматаев спорттук иш-чаралар кызматкерлердин ден соолугун чыңдоого, физикалык форманы сактоого жардам берерин белгилеп, ошол эле учурда катышуучуларга ийгиликтерди каалады.
Иш-чарага 9 команда (КР УИАнын Президиуму, Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту, Сейсмология институту, Математика институту, Тоо физиологиясы жана медицина институту, Химия жана фитотехнология институту, Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту, Биология институту, А. А. Алтмышбаев атындагы философия, укук жана социалдык-саясий изилдөө институту) катышты.
Биринчи орундга Биология институту, экинчи орунга А. А. Алтмышбаев атындагы философия, укук жана социалдык-саясий изилдөө институту, үчүнчү орунга Химия жана фитотехнология институттары ээ болушту.
Жеңүүчүлөргө кубок, диплом жана баалуу белектер тапшырылды.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1565