Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Садыбакас Өмүрзаковдун 100 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу жыйын өттү

2021-жылдын 26-ноябрында КРнын Улуттук илимдер академиясынын М. Адышев атындагы Геология институту, Кыргыз географиялык коому жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин география, экология жана туризм факультети Советтер Союзунун жана Кыргызстандын көрүнүктүү географ-илимпозу, география илиминин чыгаан уюштуруучусу, Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Табият жана коом боюнча эл аралык академиясынын академиги Садыбакас Өмүрзаковдун (Умурзаков) 100 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу жыйынын өткөздү.
Жыйында окумуштуунун өмүр жолу, илимге кошкон салымы жөнүндөгү баянды Кыргыз географиялык коомунун Президенти, КР УИАнын Геология институнун география бөлүмүнүн башчысы С.Аламанов жасады. КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев, КР УИАнын Вице-президенти, академик О.А.Тогусаков, КР УИАнын академиги А. Бакиров, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Ш.Мусакожоев, профессорлор географтар Кулматов Т., Шакирбеков Д., тарыхчылар Тынчтык Чоротегин, Досбол Нур уулу, тилчи-топонимист Конкобаев К., топонимист, географиянын тарыхы боюнча адис Т.Эшенкулов, окумуштуунун уулу К.Умурзаков эскерүүлөрү менен бөлүштү.
Жыйында резолюция кабыл алынып, КР УИАнын М. Адышев атындагы Геология институнун география бөлүмүнө Садыбакас Өмүрзаковдун атын берүү сунушу колдоого ээ болду.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер