Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Профессор Юлий Сергеевич Худяков 74 жаш курагында дүйнөдөн өттү

2021-жылдын 24-декабрында 74 жаш курагында Россиянын Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Археология жана этнография институтунун жетектөөчү илимий адиси, Новосибирск мамлекеттик университетинин профессору, Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору, Кыргыз Улуттук илимдер Академиясынын «Ардактуу академиги», тарых илимдеринин доктору, профессор Юлий Сергеевич Худяков бул дүйнѳ менен кош айтышты.
Археология илим чөйрөсүндөгү белгилүү ишмер, өз ишинин чыныгы устаты, Юрий Сергеевич Худяков 1947-жылы 8-декабрда Кемерово облусунун Крапивинский районундагы Медвежка айылында туулган. Ю.С.Худяков кыргыз тарыхынын, кыргыз археологиясы менен этнологиясынын байыркы мезгилин терең жана ар тараптан изилдеген белгилүү окумуштуу катары тарыхта өзүнүн ордун ээледи. Кыргыз тарыхына опол тоодой салым кошуп келген заманабыздын чыгаан окумуштуусу, Теңир-Тоо жана Энесай кыргыздарынын тарыхы эч ажырагыс деп көтөргөн окумуштуулардын бири болгон. Байыркы кыргыздардын алгачкы ата журту б.з.ч. I миң жылдыкта Чыгыш Теңир-Тоо болгонун, кыргыздар Энесайга б.з. V кылымда жужандардын кысымы маалында журт которгондугун жана Энесай кыргыздарынын бир бөлүгү Улуу кыргыз дөөлөтү маалында кайра Теңир-Тоого кайткандыгын Ө.Караев, В.Я.Бутанаев ж.б. тарыхчылар менен бирдикте жазган. 1982-жылы жарык көргөн “Кыргызы на Табате”(“Табат өрөөнүндөгү кыргыздар”) деген ат менен 13 басма табак көлөмүндө Новосибирскиде жарыяланган. Ушул китебинде автор IX-X кк. Кыргыз кагандыгынын мезгилин жалпы эле «кыргыз тарыхынын жылдызга колу жеткен сааты» катары эң жогору баалаган. IX-X кк. окуялар, Борбордук Азиядагы этностук тарыхтын багытын өзгөрткөндүгүн, уйгурларды кеңири аймакка чачыраткандыгын, кимак-кыпчак бирикмесинин консолидациясына жагымдуу шарт түзгөндүгүн, кыргыздарга Теңиртоо тарапка жол ачып бергендигин белгилеп өткөн.
Юлий Худяков Кыргызстандагы өсүп келе жаткан жаш археологдорду тарбиялоого жана кыргыз археология илиминин өнүгүшүнө чоң салым кошту. Жаш илимпоз археологдорду тарбиялап өстүрүп, аларды илимий эресеге жеткирди.
Кыргыз элинин жана мамлекеттүүлүгүнүн тарыхынын байыркы мезгилин изилдөөгө кошкон салымы үчүн Ю.С. Худяков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары – III даражадагы “Манас” жана “Данакер” ордендери менен сыйланган жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын Ардактуу академиги болуп шайланган.
Ю.С. Худяков кыргыз таануу илимине зор эмгек жасады. Анын эмгектери азыркы күндө кыргыз тарых илими үчүн көөнөргүс байлык жана баалуулук болуп калды жана кала берет. Анын бул жашоодон өтүп кетиши илимий-педагогикалык коомчулук үчүн орду толгус оор жоготуу болду.
Ал кыргыз элинин эсинде Кыргызстан элинин улуу досу катары кала берет.
Юлий Сергеевич Худяковдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, досторуна, терең көңүл айтабыз жана Сиздердин кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер