Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын Жалпы чогулушунун жылдык сессиясы өттү

2022-жылдын 15-февралында Кыргыз  Республикасынын  Улуттук  илимдер академиясынын 2021-жылдагы илимий-изилдөө жана илимий уюштуруу иштеринин жыйынтыгы боюнча Жалпы чогулушунун жылдык сессиясы өттү.

Жалпы чогулушка Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик М.С. Джуматаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, мүчө-корреспондент Б.И. Бөрүбашов, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары А.Т. Абдраева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы Б.К. Тыналиева, КР УИАнын академиктери, мүчө-корреспонденттери, КР УИАнын илимий-изилдөө институттарынын жетекчилери катышты.

КР УИАнын президенти, академик М.С.Джуматаев “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 2021-жылы аткарган иштери жана 2022-жылга карата мерчемделген иш-чаралар” аттуу доклады менен сессияны ачып, КР УИАнын башкы окумуштуу катчысы, мүчө-корреспондент Б.М.Дженбаев “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 2021-жылдагы илимий-уюштуруу иштеринин негизги жыйынтыктары” тууралуу доклад окуду.

Отчеттук жылда Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары тарабынан 1124 илимий эмгек жарыяланды, анын ичинде 104 монография, 925 макала жазылып, 16 патент алынды. 2021-жылы РИНЦте – 457, Scopusta жана Web of Scienceда 112 макала жарык көрдү.

Өткөн жылы илимдер академиясында 71 илимий Эл аралык конференциялар жана иш-чаралар өтүп, 32 долбоор боюнча илимий иштер жүрүп, 3 эл аралык келишим түзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө КР УИАнын Ардактуу академиги диплому мүчө-корреспондент Э.Мамбетакуновго ыйгарылды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө КР УИАнын илимий-изилдөө институттарынын илимий жетишкендиктеринин көргөзмөсү уюштурулду.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер