Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
«Улуттун улуу уулдары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция

2022-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен биргеликте Эл аралык Түрк академиясы тарабынан уюштурулган «Улуттун улуу уулдары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Бул иш-чара кыргыз-казак элдеринин улуу жазуучулары, белгилүү коомдук ишмерлери М. Ауэзовдун 125, Т. Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата уюштурулду.

Иш-чарага КР УИАнын президенти, академик М.С.Джуматаев, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали, КР УИАнын вице-президенти, академик О.А.Тогусаков,  Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А.А. Акматалиев, ошондой эле эки элдин белгилүү окумуштуулары,  коомдук, жана маданий ишмерлери катышты.

Конференциянын алкагында Мухтар Ауэзовдун «Манас» эпосуна арналган эмгектери камтылган «М. Ауэзов жана Манас» аттуу эмгектин бет ачары болду.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдыралига КРнын Улуттук илимдер академиясынын Ардактуу академиги наамы тапшырылды.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер