Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Мanas-discovery.kg сайтынын ачылыш аземи өттү

2022-жылы 28-мартта Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Чыӊгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен Борбор Азиядагы Америка университети биргелешип түзгѳн Мanas-discovery.kg сайтынын ачылыш аземи болуп өттү. Сайт КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев менен Борбор Азиядагы Америка университетинин жетекчиси Джонатан Бекердин көмөгү менен түзүлүп, окурмандарга сунушталып жатат.

Сайтты түзүүнүн негизги максаты – “Манас” эпосунун тексттери, илимий ачылыштар жана башка кѳптѳгѳн “Манаска” байланыштуу эмгектерди электрондук форматка ѳткѳрүп, интернет желесине жайгаштыруу. Ошону менен бирге дүйнѳдѳгү бардык окумуштууларга, студенттерге, жалпы эпос сүйүүчү окурмандарга “Манас” тууралуу маалыматтарга оӊой жана тез жетүүгѳ шарт түзүп берүү болуп саналат.

Иш чаранын ачылышына Кыргыз Республикасынын Президентинин Админстрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалагынын эксперти О.Капалбаев, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы С.Мусаев, КР УИАнын Вице-президенти О.Тогусаков, Кыргыз эл жазуучусу А.Жакшылыков, манасчылар, ЖОЖдордун окутуучулары, студенттер катышты.

Долбоордун демилгечиси жана аткаруучулар БААУнун окутуучусу Данияр Карабаев жана КР УИАнын “Манас”, фольклор, акындар чыгармачылыгы бөлүмүнүн жамааты.

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер