Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
«Манас» жана Айтматов жөнүндө конференция болуп өттү

2022-жылдын 30-мартында Кыргыз Республиксынын Президенттик админстрациясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган «Манас» эпосу жана Чыңгыз Айтматовдун мурастары – улуттук дөөлөттөрдүн негизи» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш чараны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.Касмамбетов ачып, «Манас» менен Ч.Айтматов кыргыздар эле эмес жалпы түрк элдеринин сыймыгы, мактанычы экени, анда элибиздин экологиялык, социалдык маселелеринен тарта мамлекеттик түзүлүш, идеологиялык улуу нарк жаткандыгын белгиледи. Мындан улам «Манас» менен Айтматов темасындагы талкуулар, изилдөөлөр байма-бай уюштурулуп, келечек жаштарыбыздын туура багытта тарбия алышына, идеологиябыздын бекемделишине, улуттук наркты-салтты, ынтымактын сакталышына түз багыт алышыбыз зарыл экенин айтты. Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин куттуктоо сөзүн Президенттин кеңешчиси Ч.Абыкеев окуп берип, «Манас» жана Ч. Айтматов  боюнча видеофильм көрсөтүлдү.

Иш чарада «Манас» жана Ч.Айтматовдун чыгармачыры тууралуу Казакстан Республикасынын Президентинин кеңешчиси, филология илимдеринин доктору, профессор, Казакстан Республикасынын Улуттук академиясынын академиги Омаров Бауржан Жумаханулы,  Азербайжан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик, Низами атындагы адабият институнунун директору, филология илимдеринин доктору Габиббейли Иса Акбар улы, Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясынын Алишер Навои атындагы мамлекеттик адабият музейинин директору, филология илимдеринин доктору, профессор Эшонкул Жаббор Салиевич, Татарстан Республикасынын илимдер академиясынын  корреспондент-мүчөсү, Г.Ибрагимов атындагы Тил, адабият жана маданият институнунун директору, филология илимдеринин доктору, профессор Миннулин Ким Муалимович, Кастамону университетинин профессору, доктор Орхан Сөйлемез сындуу окумуштуулар өз пикирлерин онлайн билдиришип,  иш чаранын ишине ийгиликтерди каалашты.

Андан ары илимий баяндамаларга кезек берилди. С.и.д., профессор Ж.С.Сааданбеков “Манас” эпосу – улуттук философиянын башаты”, КР УИАнын академиги А.Акматалиев “Манас”, Айтматов жана эмбрион, КР УИАнын академиги О.Ибраимов “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы кыргыз элинин психологиясы жана мүнөзү”, КР УИАнын академиги А.Асанканов “Ч.Айтматов этностук иденттүүлүктүн сакталышы тууралуу”, Кыргыз Эл жазуучусу А.Жакшылыков “Манас” жана Ч.Айтматовдун руханий байланышы”, Кыргыз Эл жазуучусу, ф.и.д., профессор С.Байгазиев “Манас” эпосу кыргыз элинин фундаменталдуу баалуулуктарынын казынасы”, т.и.д., профессор З.Курманов “Манас” эпосу – феномен, ф.и.д. Т.Бакчиев “Манастаануудагы жаңы илимий көз караштар жана алардын маанилүүлүгү”, ф.и.д., проф. Н.Саралаев “Улуттук иденттүүлүк проблемалары: “Манас” эпосунда жана Ч.Айтматовдун чыгармаларында”, ф.и.д, профессор Ж.Бөкөшов “Сагымбай манасчы тилмеч компьютерди билгенби?! (эпикалык акыл эс жана чындык) деген аталыфшта илимий баяндамалар окулуп, Р.Т.Айтматова, Кыргызстан театр ишмерлеринин, сүрөтчүлөр союзунун, композиторлор союзунун төрагалары жарыш сөзгө чыгышып, аталган тема боюнча өз пикирлерин билдиришти.

Иш чаранын аягында “Манас” эпосунун варианттарын, Ч.Айтматовдун  чыгармаларын комплекстүү изилдөө иштерин улантуу, тышкы иштер министрлиги, чет өлкөдөгү элчиликтердин катышуусу менен жер-жерлердеги билим берүү, илимий мекемелерде “Манас” эпосу,  Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча Эл аралык илимий-практикалык конференцияларды, маданий иш-чараларды өткөрүү, “Манас” жана “Айтматов окууларын” жыл сайын республикалык деңгээлде жана үч жылда бир Эл аралык форматта өткөрүп, материалдарын жарыялап туруу,  “Манас” эпосунун С.Орозбаковдун С.Каралаевдин вариантындагы академиялык басылыштарын кайра басып чыгаруу, “Манас” эпосунун бириктирилген вариантын (4 томдук) жалпы коомчулук үчүн кайрадан басып чыгаруу; улуу жазуучунун 100 жылдык мааракесине карата “Айтматов энциклопедиясынын 10 томдугун” кайрадан даярдап, толуктап басып чыгаруу; Айтматовтаануу багытында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан сайт түзүү тууралуу маселелерди камтыган резолюция кабыл алынды.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер