Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры 95-жылдык сезонун ачылышын Ж.Садыковдун “Манастын уулу Семетей” деген драмасынын негизинде “Төлгө” деген ат менен ачты. Бул театрдын башкы режиссеру, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабияты институтунун аспиранты Н.Мендибаировдун чыгармачылык изденүүсү, бүгүнкү талапка жараша эпоско көз карашы. “Төлгө” спектаклинде эпостун башкы варианттарынын текстери да пайдаланылган, курч драматизм сценары кошулуп, каармандардын образдары, жан дүйнөсү терең ачылып берилген. Спектаклде көрүнүктүү артисттер, мисалы: Кыргыз Эл артисттери Г.Каниметова, Н.Сейдалиева, Н.Турсунбаев, Т.Актанов ж.б. ойношкон. “Төлгө” спектаклинде манасчынын образы киргизилип, аны Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, институттун аспиранты С.Көчөрбаев алып чыккан. Спектаклдин башкы консультантты академик А.А Акматалиев болгон.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1641