2022-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык багынын аймагында ишембилик өттү.
Ишембиликке КР УИАнын президенти, академик М.С.Джуматаев, КР УИАнын президиумунун жана илимий-изилдөө институттарынын кызматкерлери катышты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти баш болгон президиумдун жетекчилиги ак кайыңдын жана каштандын көчөттөрүн отургузушту.
Ишембиликтин катышуучулары арыктарды тазалап, санитардык бутоодон кийинки өсүмдүк калдыктарын чыгарышты.
Жалпысынан ишембиликке 800гө жакын адам катышты.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1450