Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
«ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ: КЕЧЭЭ ЖАНА БҮГҮН»

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, “Түгөлбай Ата” коомдук фонду менен биргеликте 2022-жылдын 12-майында Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган “ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ: КЕЧЭЭ ЖАНА БҮГҮН” аттуу Республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Түгөлбай Сыдыкбеков – ХХ кылымдын кыргыз адабиятында улуттук жазма адабий прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө зор салым кошкон заманыбыздын залкар, таланттуу жазуучусу. Ал кыргыздын тарыхын, таржымалын иликтеп, элдик оозеки чыгармачылык мурастарыбыздын, эне тилдин жана улуттук нарк-насилдин нускалуу билерманы катары көркөм адабиятыбыз үчүн эбегейсиз зор салым кошкон. Жазуучунун «Тоо арасында», «Биздин замандын кишилери», «Тоо балдары», «Көк Асаба», «Бел-Белес» ж.б. көлөмдүү чыгармалары элибиздин руханий жан-дүйнөсүн ачып, дүйнөлүк адабияттын жана маданияттын бир бөлүгү болуп калды.

«Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгы: кечээ жана бүгүн» аттуу Республикалык илимий-практикалык конференцияда залкар жазуучу Т.Сыдыкбековдун чыгармачылыгы боюнча жүрүп жаткан илимий изилдөөлөр, жаңы көз-караштар талкууланды

Бул иш чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрөгасынын орун басары, Байсалов Эдиль Жолдубаевич,Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти академик, Джуматаев Мурат Садырбекович, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Жамангулов Азамат Капарович, коомдук жана мамлекеттик ишмер, экс премьер-министр Жумагулов Апас Жумагулович, , коомдук жана мамлекеттик ишмер, Жогорку Кенешинин экс спикери Шеримкулов Медеткан Шеримкулович, Улуттук Жазуучулар союзунун төрөгасы Калыбеков Нурлан Калыбекович катышты.

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер