2022-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Эл аралык Түрк академиясынын демилгеси менен Түрк дүйнөсүнүн Улуттук илимдер академияларынын союзунун Президиумунун жыйыны болду.
Жыйынга Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев, Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Иса Габиббейли, Өзбекстандын Илимдер академиясынын вице-президенти Бахром Абдухалимов, Татарстан Илимдер академиясынын президенти Мякзюм Салахов, КР УИАнын вице-президенти, академик Осмон Асанкулович Тогусаков, Коомдук илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик Абдылдажан Амантурович Акматалиев, КР УИАнын Эл аралык кызматташуу жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы, мүчө-корреспондент Чолпон Урушбековна Койчуманова жана Коомдук илимдер бөлүмүнүн илимий-изилдөө институттарынын директорлору катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Түрк дүйнөсүнүн Улуттук илимдер академияларынын союзунун төрагалыгын Азербайжандын Улуттук илимдер академиясынан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына өткөрүп берүү аземи өттү.
Иш-чаранын алкагында Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали түрк дүйнөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Эл аралык Түрк академиясынын алтын медалы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Садырбекович Джуматаев жана Татарстан Илимдер академиясынын президенти Мякзюм Халимулович Салаховду сыйлады.
Иш-чарада түрк мамлекеттериндеги жана республикаларындагы пандемиядан кийинки мезгилде көрүлгөн илимди колдоо чаралары боюнча тажрыйба алмашуу, кезектеги жыйынды өткөрүү маселелери талкууланды.
Өзбекстан Түрк дүйнөсүнүн Улуттук илимдер академияларынын союзуна Түрк мамлекеттик кеңешинин уюмунун жана Эл аралык Түрк академиясынын мүчөсү катары биринчи жолу катышып жатканын белгилей кетүү керек.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1576