Б.ДЖАМГЕРЧИНОВ АТЫНДАГЫ ТАРЫХ, АРХЕОЛОГИЯ ЖАНА ЭТНОЛОГИЯ ИНСТИТУТУ
Байтик Канай уулунун жашоосуна, дооруна жана анын Кыргызстандын тарыхындагы ролуна арналган “Эң мыкты илимий макала” конкурсу
КР УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту коомдук ишмер Темир Сариевдин колдоосу менен Байтик баатырдын ишмердүүлүгүнө жана анын Кыргызстандын тарыхындагы ордуна арналган мыкты макалага сынак жарыялайт. Сынакка тарыхчылар, филологдор, философтор, ошондой эле жаш окумуштуулар катыша алышат. Сынак эки номинация боюнча өткөрүлөт: “Кесипкөй илимпоздун мыкты макаласы” жана “Жаш илимпоздун мыкты макаласы”. Сынактын жеңүүчүлөрү 2022-жылдын 20-октябрында Байтик Канай уулунун 200 жылдыгына арналган конференцияда жарыяланат. Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөр төмөнкү байгелер менен сыйланат:
“Кесипкөй илимпоздун мыкты макаласы”
* 1-орун-50 миң сом
* 2-орун -15 миң сом
* 3-орун-10 миң сом
“Жаш илимпоздун мыкты макаласы”
Бул номинацияда лауреат грамота жана 25 миң сом өлчөмүндөгү сыйлык менен сыйланат.
Конкурстун шарттары:
– “Кесипкөй окумуштуунун мыкты макаласы” номинациясындагы конкурска республиканын баардык билим берүү жана илимий мекемелеринин тарыхчылары, филологдору, философтору катыша алышат;
– “жаш окумуштуунун мыкты макаласы” номинациясына 35 жашка чейинки жаш окумуштуулар катыша алышат;
– илимий макалалар Байтик баатырдын дооруна, ишмердүүлүгүнө жана анын Кыргызстандын тарыхындагы орду жөнүндө болушу керек;
– Көлөмү 20 беттен кем эмес макалалар кабыл алынат.
Макалаларды тариздөөгө талаптар: Конференцияга катышуу үчүн макалалар электрондук почта Alaghozov@gmail.com аркылуу кабыл алынат .Тексттин форматы – Times Roman шрифти, көлөмү 14 Пт., чиймелүү кол тамгалар, таблицалардын тексти – 12 пт, жылдыруусуз тегиздөө, абзац аралыгы 1,25 см; сап аралыгы – одинардык; барактын четтери түбүнөн – 2,5 см, жогору жактан, солдон, оңдон – 2 см, беттер номерленбейт. Макаланы терип жатканда, сөздөр аралыгында экиден ашык боштук белгиси болбоосу шарт.
Макаланын структурасы: Автордун аты жөнү, иштеген уюмдун толук аталышы, макаланын аталышы баш тамгалар менен – борборго тегиздөө, макаланын тексти – туурасы боюнча тегиздөө. Универсалдуу ондук классификациясынын коду (УОК). Көлөмү 1000ге жакын белгиден турган аннотация (кыргыз, орус жана англис тилдеринде). Негизги сөздөр (кыргыз, орус жана англис тилдеринде) – 7 ден көп эмес. Тексттеги адабияттарга шилтемелер төрт бурчтуу кашаанын ичинде номерлери менен көрсөтүлөт – [3], алардын адабият тизмесиндеги номерлерине туура келүүсү шарт.
Макаланы 30-сентябрга чейин Alaghozov@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүңүз.
Эскертүү: Конкурстун талаптарына жооп бербеген иштер кабыл алынбайт.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1370