Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту Кыргызстандын байыркы мезгилден ΧⅠΧ кылымдын соңуна чейинки тарыхы бөлүмү
Маданий мурастар борбору
Эл аралык Борбор Азия изилдөөлөр институту (МИЦАИ)
МААЛЫМАТ КАТ
2022-жылдын 17-ноябрында КР УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун Кыргызстандын байыркы мезгилден ΧⅠΧ кылымдын соңуна чейинки тарыхы бөлүмү жана Маданий мурастар борбору «Кыргызстандын жана чектеш өлкөлөрдүн орто кылымдардагы саясий жана маданий генезиси: жаңыча көз караштар жана изилдөөнүн келечеги», аттуу илимий конференцияны Эл аралык Борбор Азия изилдөөлөр институтунун (МИЦАИ) колдоосу менен өткөрөт. Конференция Тянь-Шандын орто кылымдардагы тарыхын жана саясий генезисин изилдөөгө бараандуу салым кошкон көрүнүктүү арабист-тарыхчы Өмүркул Караевдин (1930-2002) 90 жылдыгына арналат. Өмүркул Караев – Кыргызстандын алгачкы чыгыш таануучуларынын бири. Ал 1930-жылы Чүй өрөөнүнүн Сайлык айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. 1958-1961-жылдары СССР ИАнын Чыгыш таануу институтунун аспирантурасында билимин уланткан. 1963-жылы Москвада Е.А. Беляевдин жетекчилиги астында «IX – ΧⅠⅠ кылымдардагы араб-перс булактары кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндө» деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган. 1984-жылы Өзбекстандын Илимдер Академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда «Караханилер каганатынын тарыхы (Χ-ΧⅠⅠⅠ кылымдын башы)» темасында докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Ө.Караев советтик чыгыш таануу мектебинин өкүлү катары орто кылымдардагы тарыхый булактарды, кыргыздардын этностук тарыхын жана Кыргызстандын аймагындагы мамлекеттик түзүлүштөрдү изилдөөгө чоң салым кошкон. Конференциянын жүрүшүндө, окумуштуулар орто кылымдардагы Кыргызстандын жана чектеш өлкөлөрдүн саясий жана маданий генезисинин тарыхын, этногенездин жана орто кылымдардагы маданий эстеликтерди изилдөөнүн маселелерин талкуулашат. Конференцияга тарыхчылар, чыгыш таануучулар, археологдор жана этнологдор чакырылат. Конференциянын жумушчу тилдери: кыргыз, англис жана орус тилдери.
Конференциянын илимий багыттары (секциялар):
- Орто кылымдардагы Кыргызстандын жана коңшулаш өлкөлөрдүн саясий генезисин изилдөө маселелери;
- Борбордук Азиянын жана Кыргызстандын орто кылымдардагы маданий башатын жана этногенезин изилдөөнүн жаңыча көз караштары жана келечеги;
- Борбордук Азиянын орто кылымдардагы элдеринин материалдык жана руханий маданиятынын эстеликтерин изилдөөнүн актуалдуу маселелери.
Конференциянын макалалары жана баяндамалары илимий жыйнак катары жарыяланат. Бишкектен башка аймактардан келген келген катышуучулардын мейманкана жана транспорттук чыгымдары уюштуруучулар тарабынан каржыланат (каржылануучу катышуучулардын саны чектелүү).Конференция Тарых, археология жана этнология институтунун базасында өткөрүлөт(оффлайн жана онлайн). Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (720071, Бишкек ш., Чүй проспекти 265-а).
УЮШТУРУУ КОМИТЕТИ ЖӨНӨТҮЛГӨН МАТЕРИАЛДАРДЫ ТАНДОО ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК РЕДАКЦИЯЛОО УКУГУН ӨЗҮНӨ КАЛТЫРАТ.
Конференциянын материалдарын берүүнүн шарттары жана мөөнөттөрү:
Конференцияга катышуу жана макалалаларды жарыялоо үчүн 30-августка чейин конференциянын уюштуруу комитетине электрондук почта аркылуу Alaghozov@gmail.com дарегине “КОНФЕРЕНЦИЯ” деген белги менен же 720071 Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти 265-а дареги боюнча КР УИАнын Тарых, археология жана этнология институту, Кыргызстандын байыркы мезгилден тартып ΧⅠΧ кылымдын соңуна чейинки бөлүмүнө тапшырууга болот. 2022-жылдын 15-сентябрына чейин, катышуучулары материалдарды кабыл алынгандыгы тууралуу кабар алышат.
- Конференцияга катышуу үчүн форманы толтуруу;
- Макала (15 бетке чейин).
Макалаларды тариздөөгө талаптар: Конференцияга катышуу үчүн макалалар электрондук почта Alaghozov@gmail.com аркылуу кабыл алынат же КР УИАнын Б.Жамгырчинов атындагы Тарых,археология жана этнология институтунун Кыргызстандын байыркы мезгилден ΧⅠΧ кылымдын соңуна чейин тарыхы бөлүмүнө тапшырууга болот. Тексттин форматы- Times Roman шрифти, көлөмү 14 Пт., чиймелүү кол тамгалар, таблицалардын тексти – 12 пт, жылдыруусуз тегиздөө, абзац аралыгы 1,25 см; сап аралыгы –одинардык; барактын четтери түбүнөн – 2,5 см, жогору жактан, солдон, оңдон – 2 см, беттер номерленбейт. Макаланы терип жатканда, сөздөр аралыгында экиден ашык боштук белгиси болбоосу шарт.
Макаланын структурасы: Автордун аты жөнү, иштеген уюмдун толук аталышы, макаланын аталышы баш тамгалар менен – борборго тегиздөө, макаланын тексти – туурасы боюнча тегиздөө. Универсалдуу ондук классификациясынын коду (УОК). Көлөмү 1000ге жакын белгиден турган аннотация (кыргыз, орус жана англис тилдеринде). Негизги сөздөр (кыргыз, орус жана англис тилдеринде) – 7 ден көп эмес. Тексттеги адабияттарга шилтемелер төрт бурчтуу кашаанын ичинде номерлери менен көрсөтүлөт – [3], алардын адабият тизмесиндеги номерлерине туура келүүсү шарт.
Уюштуруу комитети:
Т.и.к., Жолдошов Р.Ж.
Т.и.к., Аманбаева Б. Э.
Т.и.к., Асанов Т. И.
Катчылар:
Т.и.к.,Арзыбаев Т.
Илимий кызматкер Азамат Алагоз уулу
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1477