2022-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Эл аралык ТЮРКСОЙ уюму тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анда казак окумуштуусу, академик Зейнолла Кабдолов тарабынан жазылган “BENIM AVEZOVUM” (“Менин Ауэзовум”) деген китептин түрк тилинде жарык көрүшүнүн бет ачар аземи өттү, ошондой эле илимге жана маданиятка олуттуу салым кошкон инсандар ТЮРКСОЙ уюмунун сыйлыктары менен сыйланды.
Салтанаттуу жыйынды түрк элдеринин Эл аралык маданий уюму болгон ТЮРКСОЙдун Генералдык секретары Султан Раев ачып, ал өз сөзүндө түрк элдеринин маданий байланышын чыңдоо багытында ТЮРКСОЙдун аткарып жаткан иштери жөнүндө кыскача маалымат берип өттү. ТЮРКСОЙ 2022-жылды казактын чыгаан уулу, белгилүү окумуштуу, жазуучу Мухтар Ауэзовдун туулгандыгынын 125 жылдыгына карата “Ауэзов жылы” деп жарыялагандыгын жана ушул белгилүү датага арнап “Менин Ауэзовум” деген китеп түрк тилине которулуп, жарык көргөндүгүн белгиледи. С.Раев өз сөзүндө бул инсандын жалпы эле түрк маданиятында, өзгөчө кыргыз маданиятында өзүнүн чоң орду бар экендигин, “Манас” эпосунун элдүүлүгүнө каршы саясий чабуулда элдик мурасты сактап калууга М.Ауэзов зор салым кошкондугун, ошондой эле кыргыздын дагы бир сыймыгы Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын башталышында ага руханий колдоо көрсөткөндүгүн эскерип өттү.
С.Раевден кийин чыгып сүйлөгөн академиктер А.Акматалиев, А.Эркебаевдер да М.Ауэзовдун жана китептин автору болгон академик Зейнолла Кабдоловдун кыргыздын фольклористика, адабият таануу багытындагы илиминде жана илимий кадрларларынын даярдалышында зор салымдары болгондугун айтып өтүштү.
Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө ТЮРКСОЙдун Генералдык секретары Султан Раев бул Эл аралык уюмдун сыйлыктарын тапшырды. Академиктер А.Акматалиев, А.Эркебаевдер ТЮРКСОЙдун алтын медалдары менен сыйланышты. Кыргыз Республикасынын Эл жазуучулары Өскөн Даникеев, Мелис Абакиров, Асан Жакшылыковдор баштаган кыргыздын маданият, искусство жана илим тармагында иштеген бир топ ишмерлерге Мухтар Ауэзов жылына карата чыгарылган төш белгилер тапшырылды.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2141