Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
“Кыргызстандын жана чектеш өлкөлөрдүн орто кылымдардагы саясий жана маданий генезиси: жаңыча көз караштар жана изилдөөнүн келечеги” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция

2022-жылдын 17-ноябрында КР УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту «Кыргызстандын жана чектеш өлкөлөрдүн орто кылымдардагы саясий жана маданий генезиси: жаңыча көз караштар жана изилдөөнүн келечеги», аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияны Борбордук Азиялык изилдөөлөр институтунун (МИЦАИ, Самарканд ш.) колдоосу менен уюштуруп өткөрдү.

Конференция Борбордук Азиянын орто кылымдардагы тарыхына, булактаануусуна жана Кыргызстандагы мамлекеттердин тарыхына жана саясий генезисин изилдөөгө бараандуу салым кошкон көрүнүктүү чыгыш таануучу Өмүркул Караевдин (1930-2002) 90 жылдыгына арналды.

Өмүркул Караев – Кыргызстандан чыккан туңгуч чыгыш таануучу. Ал 1930-жылы Чүй өрөөнүнүн Сайлык айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин 1952-ж. аяктаган жана мугалимдик кесипти аркалаган. 1958-ж. СССР ИАнын Чыгыш таануу институтунун аспирантурасына кабыл алынган. 1963-жылы Москва шаарындагы Чыгыш таануу институтунда «IX – ΧⅠⅠ кылымдардагы араб-перс булактары кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндө» деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган. 1984-жылы Ташкентте Абу Райхан Беруни атындагы Өзбекстандын Илимдер Академиясынын Чыгыш таануу институтунда «Карахандар каганатынын тарыхы (Χ-ΧⅠⅠⅠ кылымдын башы)» темасында докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Ө.Караев советтик чыгыш таануу мектебинде тарбияланып терең билим алган жана илимдин ушул тармагындагы маселелерди изилдөөгө олуттуу салым кошкон. Окумуштуунун соңку изилдөөлөрү Кыргызстандын аймагындагы XIII – XV к-гы мамлекеттик түзүлүштөрдүн тарыхына, кыргыз элинин этногенезин изилдөөгө жана жогорку окуу жайлары үчүн окуу куралдарын жазууга арналган. Конференциянын жүрүшүндө, окумуштуулар Ө.Караевдин илимий мурастарына, орто кылымдардагы Кыргызстандын жана чектеш өлкөлөрдүн саясий институттарынын жана маданиятынын генезисинин тарыхына, этногенез маселелерине жана орто кылымдардагы тарыхый-маданий эстеликтерин изилдөөгө байланышкан маселелерди талкуулашты. Конференцияга тарыхчылар, кытай даректерин изилдөөчүлөр, чыгыш таануучулар, археологдор жана этнологдор катышып – Россиядан, Кытайдан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Кыргызстандын илимий мекемелери менен жогорку окуу жайларынан чакырылган окумуштуулар өзүлөрүнүн баалуу ой пикирлерин айтып, илимий жаңылыктарын ортого салышты.

Конференциянын жүрүшүндө төмөндөгүдөй актуалдуу багыттагы жана темадагы илимий талкуулар уюштурулду:

  1. Орто кылымдардагы Кыргызстандын жана коңшулаш өлкөлөрдүн саясий генезисин изилдөө маселелери;
  2. Борбордук Азиянын жана Кыргызстандын орто кылымдардагы маданий башатын жана этногенезин изилдөөнүн жаңыча көз караштары жана келечеги;
  3. Борбордук Азиянын орто кылымдардагы элдеринин материалдык жана руханий маданиятынын эстеликтерин изилдөөнүн актуалдуу маселелери.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер