Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Амантурович Акматалиевди Аль-Фараби атындагы Казак Улуттук университетинин Окумуштуулар Кеңеши университеттин Ардактуу профессору кылып шайлашты.
Академик А.Акматалиев 1979-жылдан бери кыргыз-казак адабий байланышын изилдеп келет.
Казак акын-жазуучулары тууралуу 60тан ашуун макалалары, “Эгиз элдин обону” аттуу китеби казак тилинде жарык көргөн. Университетте лекцияларды окуп, Абайга, Жамбылга, Ауэзовго, Мукановго, Сейфуллинге ж.б. арналган эл аралык конференцияларга үзгүлтүксүз катышып келет. Өз мезгилинде Казакстандын Диссертациялык Кеңешинин мүчөсү катары казак окумуштууларын даярдоого өз салымын кошкон.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2277