2022-жылы 16-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясында Кыргызстан менен Түркия окумуштууларынын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууну КР УИАнын философия жана саясий-укуктук изилдөө институтунун улук илимий кызматкери, т.и.к., доцент Байас Турал модератор катары алып барды.
Түрк тараптан «Инону» университетинин ректору проф., доктор Ахмет Кызылай мырза чыгып сүйлөдү. Ал университеттин медициналык клиникасында дүйнөдөгү эң алдыңкы технологиялар боюнча адамдын ар кандай органдарын трансплантациялоо боюнча операциялар жүргүзүлүп жаткандыгын айтты. Кыргызстанда органдардын трансплантациялоо боюнча мындай медициналык борборду курууну пландаштырганын айтып берди.
«Инону» Университеттин ректорунун башкы кеңешчиси, Түштүк Азия маданиятын изилдөө борборунун директору проф., доктор Неслихан Дурак айым алардын борборунда түрк-алтай элдеринин тарыхы жана маданияты боюнча терең изилдөөлөр жүргүзүлүп жаткандыгын баяндап берди. Алардын Кыргызстанда түрк цивилизациясынын тарыхын жана маданиятын изилдөө борборун ачуу ниети барын билдирди.
Кыргыз тараптан белгилүү кыргыз окумуштуусу, «Кыргыз Жер» илимий-агартуу коомунун илимий жетекчиси Чоюн Өмүралиев чыгып сүйлөдү. Чоюн Өмүралиевдин илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыттары үчөө:
1. Көчмөн цивилизациясынын тарыхын жана философиясын, кыргыз мамлекеттүү-лүгүнүн калыптанышын жана мындан ары өнүгүү жолдорун изилдөө («Теңирчилик», «Коом-Мамлекет», «Кыргыз мамлекеттиги: кече, бүгүн, эртең» аттуу монографиялар).
2. Совет мезгилинде изилдөөлөргө тыюу салынган Москванын, Казандын, Уфанын, Ташкенттин архивдеринде сакталып турган, Ч.Өмүралиев тарабынан табылып чогултулган ар кыл авторлордун эмгектерин паналтаизм көз карашынан жаңыча иштеп чыгуу жана аларды кайрадан бастырып илим чөйрөгө сунуштоо. Бул илимий багытты түрк-алтаистика десе болот.
3. Инь (байыркы кытай) жазууларын, кытай иероглификасын кыргызча-түркчө окуу, бул болсо түрк-сино-алтаистика. Ч.Өмүралиевдин бул илимий жетишкендиги дүйнө масштабдагы таптакыр жаӊы илимий ачылыш: иероглифика менен түрк тилинин тамыры бир өзөктүү болуп чыкты. Ал байыркы кытай тексттердин катмарларында катылган сырларды ачып, өздүк методикасы боюнча мында катылган кыргыз-түрк сөздөрүн окуган. Бул шарт иероглифтердин жалпы Алтай-Түрк ареалындагы таш сүрөттөр, таш жазуулардан (петроглифтерден) жаралып чыгышын түшүндүрөт.
Ошентип, Кытай тамгаларынын жаратуучулары биздин ата-бабаларыбыз, Кыргыз-Түрк элдеринин ата-бабалары болуп чыкты («Бурут тамга – Төрөн тил», «Бурут тамга – Жандырмак», «Бурут тамга – Баянкат» монографиялары).
Чоюн Өмүралиев кеңири, слайдтарды жана банерлерди пайдаланып ушул тапта Чыгыш Азиянын 4-5 миң жылдык тарыхын россиялык чыгыш таануучусу И.Бичуриндин (1777-1853) жана кытай тарыхчы Сыма Цяндын (б.з. ч. II-I к.к.) чыгармаларындагы иероглификаны кыргыз-түркчө окуп изилдеп иштегенин айтып берди. Сыма Цянь – Кытайдын биздин заманга чейинки 2-3-миң жылдыктын мифтик ата-бабаларынан тартып Сыма Цяндын убагына чейинки тарыхын «Шицзи» аттуу укмуштай зор көлөмдүү чыгырманын автору. «Шицзи» орус тилинде алты том болуп чыккан.
Ч.Өмүралиевдин изилдөөсүнүн натыйжасында кытайлыктардын алгачкы ата-бабасы – биринчи легендарлуу императору Фу Синин (б.з. ч. 3 миң жылдык) ысымы Кыргызкаан катары окулду. Мындан тышкары, «Шицзин» китебинде сүрөттөлгөн кытай тарыхынын башка каармандардын аттары: Төбөй, Байгур, Саяк, Түтөк, Байтиг, Көгөй, Кыйат ж.б. деп окулганын ал баяндап берди.
Жолугушуу достук жана толук өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.
«Кыргыз Жер» илимий-агартуу коомунун төрагасы Эдилбек Сарыбаев
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2867