2023-жылдын 17-январында саат 10.00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кичи залында Химия-технология, биомедициналык жана айыл чарба илимдер бөлүмүнүн 2022-жылга илимий жана илимий-уюштуруу ишинин негизги жыйынтыктары жөнүндө отчету болот. Баяндамачы-Бөлүмдүн төрагасы, УИА корреспондент-мүчөсү Шалпыков К.Т. Бөлүмдүн курамына 5 ИИМ кирет: Химия жана фитотехнология Институту, Биотехнология Институту, Биология Институту, Тоо физиологиясы жана медицина Институту жана Э.Гареев атындагы Ботаникалык бак ИИИ.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 15 академиги жана 15 корреспондент-мүчөсү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ХTМБАЧИ бөлүмүнүн мүчөсү.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1574