2023-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Кичи залында Химия-технология, биомедициналык жана айыл чарба илимдер бөлүмүнүн 2022-жылга илимий жана илимий-уюштуруу ишинин негизги жыйынтыктары жөнүндө отчету болуп өттү.
Бөлүмдүн төрагасы, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Шалпыков К.Т. “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия-технологиялык, медициналык-биологиялык жана айыл чарба илимдери бөлүмүнүн 2022-жылга карата илимий жана илимий-уюштуруу иштеринин негизги жыйынтыктары” аттуу докладын жасады.
Ошондой эле бөлүмдүн бюро мүчөсү, КР УИАнын мүчө-корреспонденти А.Ч.Усупбаевдин “Кыргыз Республикасынын химия-технологиялык, биомедициналык жана айыл чарба илимдери бөлүмүнүн мүчөлөрүнүн салымы, 2022-жылы илимди тиешелүү тармактарда илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү” деген докладын жасады.
Докладдар талкууланып, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия-технология, биомедициналык жана айыл чарба илимдер бөлүмүнүн жалпы чогулушунун токтому кабыл алынды.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2169