2023-жылдын 24-январында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык академиясынында Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык юбилейине арналган “Чыңгыз Айтматов – Кыргыз-Казак элдеринин руханий байлыгы” аттуу Эл аралык VII форум болуп ɵттү.
Форумга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев, Казакстан Республикасынын Сенатынын төрагасы Маулен Алимбаев, Казакстан Республикасынын маалымат жана коом таануу министри Дархан Кыдырали, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов жана Кыргызстандын белгилүү коомдук ишмерлери, окумуштуулары катышты.
Форумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Сапарбекович Касмамбетов модераторлук кылды. Форумда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы, коомдук ишмерлиги боюнча илимий баяндамалар жасалды.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан уюштурулду.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2251