2023-жылдын 20-январында, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жетекчилиги Consult Invest ITIC Эл аралык соода-инвестициялык компаниясынын негиздөөчүсү, ШКУга мүчө мамлекеттердин технологияларды трансферлөө боюнча Кытай борборунун директорунун кеңешчиси Селиверстова Т.И. жана Consult Invest ITIC Эл аралык соода-инвестициялык компаниясынын директору, ШКУга мүчө-мамлекеттердин технология трансфери Кытай борборунун Өзбекстандагы кеңсесинин жетекчиси Ким Д.В менен жолугушуусу болуп өттү.
Жыйында КР УИА менен ШКУга мүчө мамлекеттердин технологияларды трансфер боюнча Кытай борборунун ортосундагы кызматташтык келишимине кол коюу маселеси каралды.
ШКУга мүчө мамлекеттердин Кытай технологияларын трансферлөө борбору ШКУ Катчылыгынын, КЭРдин Илим жана технология министрлигинин жана КЭР Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен түзүлгөн расмий көп тараптуу кызматташуу платформасы болуп саналат.
Борбор 2020-жылдын 10-декабрында “Бир алкак, бир жол” багытында жайгашкан өлкөлөрдүн ортосундагы илим жана техника, маданият, экономика жана соода тармактарындагы жана ШКУга мүчө мамлекеттериндеги Эл аралык кызматташтыктын каналдарын кеңейтүү үчүн жогорку деңгээлдеги платформа катары расмий түрдө ачылган.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2134