Кыргыз Республикасынын Башкы Прокурору Зулушев Курманкул Токторалыевич 2023-жылдын 1-февралында КР УИАнын коомдук илимдер(тарых, философия, тил, адабият, укук, экономика) бөлүмүнүн илимий кызматкерлери менен жолугушуп Конституциялык реформанын ишке ашуусундагы айрым маселелер тууралуу окумуштуулар менен ой бөлүштү. Өлкөдө мыйзамдын сакталышы, укуктук багыттагы Кыргыз Республикасынын Президенттинин тапшырмасын жүзөгө ашыруу боюнча алдыда болуучу реформаларга кеңири токтолду. Конституциялык реформаны жүзөгө ашырууда, Кылмыш-жаза мыйзам актыларынын долбоорун даярдоодогу КР УИАнын окумуштууларынын кошкон салымдарына, ыраазычылыгын билдирип, келечекте да кызматташууну улантаарын белгиледи.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2455