2023-жылдын 3-4-фералында Казакстан Республикасынын Атырау шаарында Казакстан Республикасынын Билим жана жогорку билим министрлиги, М.Ауэзов атындагы Адабият жана көркөм өнөр институту, Х.Досмухамедов атындагы Атырау университети уюштурган “Аалам жана казак адабият таануу маселелери” деген аталыштагы IV Кабдолов окуулары – эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Аталган иш-чарага КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев катышып, “Академик З.Кабдолов жана кыргыз адабияты” деген темада доклад окуду. Зейнолла Кабдолов 1994-2005-жылдарда кыргыз адабияты жана фольклортаануу багытындагы адистерди даярдоодо зор салым кошкон казак адабиятаануучусу. Кыргызстандагы диссертациялык кеңеште бир нече жыл мүчө, оппонент, эксперт катары бир нече жыл эмгектенген.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1280